ЖЫЛНААМА, 27-АВГУСТ: Мындан 2 жыл мурун Москва шаарындагы басмаканадан өрт чыгып, 17 адам түтүнгө ууланып каза болгон

Мындан 2 жыл мурун, 2016-жылдын 27-августунда Орусиянын Москва шаарынын түндүк-чыгышында жайгашкан басмаканадан өрт чыгып, натыйжада 17 адам түтүнгө ууланып каза болушкан. Кийинчерээк алардын 14ү Кыргыздан барган мигранттар экени аныкталган. Арасынан 14ү Кыргыз жарандары болсо, үчөө Орусия жарандыгын алган кыргыздар болгон. Алтуфьев шоссесинде жайгашкан бул басмакана "Печатный экспресс" ишканасына таандык экени аныкталган.

Басмакана ичинде кагаздар көп болгондуктан, өрт бат эле тутанып кеткен. 14 кыз-келиндин эң эле улуусу 41 жашта болсо, кичүүсү 18ге толо элек өспүрүм кыз болгон. Айрымдарынын артында 2-4 баласы бар экендиги аныкталган. Эки күндөн соң ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 29-август күнүн аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, шаан-шөкөттөр токтотулуп, өлкө желеги бул күнү Кыргыз жеринде желбиреген эмес.Ал эми 2016-жылдын 22-декабрында 14 кыргыз кызынын өмүрүн алган өрттө Кыргыз жарандарын куткарууда көрсөткөн каармандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын жарандарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо салтанаты болуп өткөн.

Бул өрт кырсыгы боюнча "өрт коопсуздугунун эрежелери сакталган эмес" деп кылмыш иши козголгон. Анын негизинде “Печатный экспресс” басмаканасынын башчысы Сергей Москвин, башкы инженер Антон Яцков камакка алынган. Сот аларды күнөөлүү деп таап Москвинди 2,5 жылга, Яцковду 3,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок чыгарылган сот өкүмүнө каза болгон адамдардын жакындары нааразычылык билдирип чыгышкан.


27-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан