Биз социалдык тармакта

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору окуучуларга жол эрежелерин үйрөтүүдө

Бүгүн, 1-сентябрда өлкөнүн бардык аймактарында Билим күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ар бир мектепке инспекторлорду бекитип берген. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

"Ар бир бекитилген инспектор өзүнүн аймагындагы мектеп окуучуларына жол эрежелерин эскертип, алардын жолдо жүрүүдөгү коопсуздугун көзөмөлгө алат. Өзгөчө мектеп босогосун жаңы аттап жаткан окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин жеткиликтүү кылып түшүндүрүү өтө зарыл", - деп билдирди маалымат кызматы.

2018-жылы мектеп босогосун 150 миңге жакын бала аттап, 1-класска киришсе, өлкө боюнча жалпы 2 миң 262 мектеп өз ишин баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан