Биз социалдык тармакта

Кыргыз өлкөсүнө Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын келиши күтүлүп жаткандыгына байланыштуу айрым жолдор убактылуу жабылат

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекке расмий иш сапары менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын келиши күтүлүп жаткандыгына байланыштуу айрым жолдор убактылуу жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Манас" аэропортунан баштап Бишкектин четине чейинки унаа жолу убактылуу жабылат. Ошондой эле Жибек-Жолу кең көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Манас кең көчөсүнө чейинки аралыгы; Манас кең көчөсүнүн Жибек-Жолу көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейинки аралыгы; Чүй кең көчөсүнүн Манас кең көчөсүнөн баштап Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыгы убактылуу жабылат.

Буга байланыштуу башкармалык айдоочуларды жолдор тууралуу маалыматты алдын ала билип алууга чакырат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aikokul14
2018-09-01 15:45:32
Админ."Элдик кабар"дын август айынын жеңүүчүсү ким болду?
0
juma11anara
2018-09-01 16:39:51
Саат канчадан канчага чейин жабык болот экен анысын да кошо жазгыла да.
-1
tulpar90
2018-09-01 16:54:19
С.Жээнбековду сонун тосуп алган.Эми жакшыраак тосуу керек.
+2
bek_tash
2018-09-01 17:10:44
tulpar90, Жээнбеков Түркстанга барды, Түркияга эмес.
-3
Jigitchem
2018-09-01 18:29:43
bek_tash,туркстан эмес. Турмонстан
-1
tulpar90
2018-09-01 19:25:24
Турцияга барган. Ото жогорку денгээлде тосуп алган.
-1
talgatbek87
2018-09-01 17:27:49
Экооно Тен барды
+3
Erik2018
2018-09-01 21:10:53
Түркия менен алакабыз эми жакшырды окшойт. Атамбаев оозунан жаңылып, бир катар жаңылыштык кетирди эле. Эми абал жакшырды. Бул дагы президенттин тышкы саясаты туура багытта бара жатканы менен кабар берет.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан