Биз социалдык тармакта

Ошто Өзбекстандын колдоосу менен салынган Алишер Навои атындагы мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди

Ошто Өзбек тараптын колдоосу менен салынган Алишер Навои атындагы №18-мектеп гимназиясына кошумча курулган 630 орундуу имараты толук бүтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектептин салтанаттуу ачылышына Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов, Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумагулов, Андижан облусунун акими Шухрат Абдурахманов катышты.

Аталган мектеп 1936-жылы курулган, анын эскилиги жетип, пайдаланууга жараксыз деп табылган. Кыргыз тарап менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык макулдашуусуна ылайык мектеп гимназиясына кошумча 630 орундуу окуу имаратын куруу 2017-жылдын октябрь айында башталган.

Курулуштун жалпы аянты 1,15 гектарды түзөт. Анын ичинде заманбап окуу корпустары, спортзал, футбол жана баскетбол оюндары үчүн аянтчалар, ашкана, ар кандай иш-чараларды өткөрүү үчүн чоң зал бар. Мектепти окуу эмеректери жана башка керектүү жабдыктары менен Өзбек тарап камсыздаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
wamwieva
2018-09-01 19:26:47
Молодцы мына ушуну мектеп дейт!Биздикилер качан оздору ушинтип мектеп ачышат экен,уялбай бетин табактай кылып даяр ашка барышкан дагы ,буларда бет деле жок баары бетон же жез.....эххх,Наалыбай шугур дейм бирок чыгып кеттида,Мектебибизди зал мн кухнясын салыштырганда.....
+8
wamwieva
2018-09-01 19:40:34
Бизде только жейт ,"Эл эмне дейтте"точно корсотулгонда,миллиондорду жон эле эч нерсе корбогондой синирип гана коюшат.....
+3
bekmaral
2018-09-01 20:09:39
Жумагулов эмес Жумабеков
+3
tulpar90
2018-09-01 20:23:14
Жалан озбек туугандар окуйт бул мектепке. Бизге эмне кереги бул мектептин.
+5
Jelezo
2018-09-01 20:41:11
tulpar90,кыргыз мектеп экен
-3
Qwerty2018
2018-09-01 20:45:01
Охоооо мына мектеп озбектерге алкыш. Заманбап мектеп деп ушуну айткыла.
+1
RICH.
2018-09-01 21:38:58
Узбек ажоосуна и курамына тугонбогон алкыштар болсун бирок коомдук жерлерге неге озубуздун чыгаан инсандардын атын коюуго болбойт. Узбекче, орусча аттарды шашылыш турдо озгортуу керек..
0
Almazbek.kg.osh
2018-09-01 21:50:30
мен окуган мектеп
0
asha302
2018-09-01 23:50:54
"Кош келиңиздер" деп оңдоп койушса экен
-1
raykray
2018-09-02 03:22:33
asha302,куш келиниздер туура болот кыргызча
+2
raykray
2018-09-02 03:23:44
Чындап эмнеге Алишер Навои? Паркта ошонун атында? Озубуздо жокпу Навоидей адабиятчы, же дагы башкалар?
+3
meku89
2018-09-02 08:02:30
Кош келиңиздер туура болот. Куш келипсиз деп өзбектер айтчу беле.
0
raykray
2018-09-02 14:10:02
meku89,озбектердеда туурасы хуш келипсиз, туура эмес жазган жерлеринде хош у устундо точкасы мн жазышып журот. Кош деген кайыр кош!!! Кош бол!!! Куш деген соз бар бизде, куш келипсиз куш келиниз куш убак кечиниздер менен
0
Samagan111
2018-09-02 16:06:25
Кыргыздар эле окуйт бул мектепте
0
nemo2016
2018-09-02 16:43:45
Кыргызстан да жашап озбекче окушат тан каласын оздоруда ойлонушса болмок кыргыз жеринде туулуп остум кыргызча окуп кыргыздарга аралашайын деп
0
Hatali
2018-09-03 00:22:59
Молодцы
0
kyrgyzstan_93
2018-09-03 09:47:22
Эгемендуу мамлекет учун уят!!!кыргызстан коз каранды мамлекет болуп калды!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан