Биз социалдык тармакта

Эрдоган Жээнбеков менен жолугушууда "Кызмат" маселесин козгоду

“Мен бул өлкөдөн биздин Маариф мекемебиздин борборун көргүм келет". Мындай пикирин Түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.

Ал Түркияда экстремисттик уюм деп табылган "Кызмат" уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылды.

"Биздин элчилигибиз "Маариф" уюмуна жана ТИКА агенттигине бардык тармактан жардам берет. Биз ушул суроого жоопту күтөбүз. Өзгөчө "Маариф" фондунун иш-аракеттерин күчөтүү чоң ролду ойнойт. Биз соода-экономикалык тармактан кызматташууга даярбыз. Географиялык абалыбызга карабай буга аракет кылабыз. IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда өткөрүлөт. Менимче, Фето уюму (Кызмат) боюнча бири-бирибизди түшүнүштүк. Кыргыз өлкөсүндө аталган уюмдун болгону мамилебизге ыңгайсыздык жаратат. Бул маселени чечебиз деп ишенем. Биз жакын иштөөгө даярбыз. Бирок эки тараптан тең даярдык көрүүбүз керек”, - деди Эрдоган.

Түрк аалымы Фетхуллах Гүлен негиздеген "Кызмат" уюму Кыргыз өлкөсүндө да кулач жайган. Түрк тарап көптөн бери аталган уюмдун ишмердүүлүгүн токтотууга жардам сурап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_I
2018-09-01 21:45:31
Сапат деп өзгөртүлдү эле го ?
-1
tular
2018-09-02 16:41:54
Соода болуп кетиптир бул жагы!!! Сен КЫЗМАТ уюмун токтот, биз тараптан КОЧМОНДОР откорулот деп! Келечекти ойлойлу?! КОЧМОНДОР оюну болгону бир жумалык оюн, ал эми сапаттуу билим беруу бул бир кылымга тете...
ойлонолу Кыргыз калкым ойлонолу!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан