Биз социалдык тармакта

"Өз көзөмөлүмө алам". Жээнбеков Түркияда экстремисттик деп табылган "Кызмат" уюму боюнча пикирин билдирди

“Мен да "Фето" ("Кызмат") маселесине токтолуп кетейин" деп айтты Сооронбай Жээнбеков Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын билдирүүсүнөн кийин. Жээнбековго чейин Эрдоган Кыргыз мамлекетинде иштеп жаткан "Кызмат" уюмунан баш тартууга чакырган болчу.

"Анкарадагы жолугушуубузда да бул маселе боюнча сүйлөштүк. Биз бул багытта бир топ иш алып бардык. Аталган уюмга тиешелүү делген "Себат" билим берүү мекемелерин “Сапат” деп өзгөрттүк. Анын окутуу процесстери мамлекеттин көзөмөлүнө алынган. Эгер Кыргыз-Түрк мамилесине доо кетирчү адамдар болсо, алар чоң жоопкерчиликке тартылат. Бул маселени мен өз көзөмөлүмө алам”, - деди Жээнбеков.

Эрдоган "Кызматтын" "Сапаттарынан" баш тартып, Түркиянын "Маариф" фонду менен иштешүүгө чакырган. Бул боюнча бүгүн эки тараптуу меморандумга кол коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
I.ali
2018-09-01 22:15:19
Азаматсын урматтуу С. Жээнбеков эл куткон кадам.
+1
Muslim_KGstana.
2018-09-01 22:37:48
Жаман тартышыптыр го бул маселени
+3
pat12
2018-09-02 00:02:56
Эрдоган жон келбей озунун ультиматумун ала келиптир да. Себат эртеби кечпи жабылышы мумкун. Анткени Турк бийлиги Себатта Эрдоганды жамандаган окууларды уюштурат деп кооптонуп жатат.
+2
i1urp
2018-09-02 00:25:11
Арабаны ойдо айдасам огузум олот, ылдый айдасам озум олом болуп калдык. Ар ким оз талаптарын коюп жатышат. Себат, Маариф жок эле озубуздун мектептерди онуктуруу керек.
+7
Aynura87
2018-09-02 15:56:51
Кызмат КРда кун сайын кенири жайылып баратат. Сапат лицейлери жаштарга заманга ылайыктуу терен билим беруудо. Сапатка окшош мектептер ачылмайынча, баш тартуу кыйын. Колунда бар ата -энелер Кызматты жактырбасада аргасыздан сапаттуу билим учун балдарын бул мектептерге беруудо. Жакшы билим бергени м.н аябай кымбат, канынды сорушат. Бекер, кайрымдуулук максатта бир да окуу жайлары жок Кызматтын. Берген билимдерин эки эсе чыгарып алышат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан