Ысык-Көл аэропортунда чет элдик конокторду тосуп алуу үчүн 3 боз үй тигилген. Бул тууралуу III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу катчылыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, масштабдуу спорттук иш-чарага катышуу жана көрүү үчүн келген чет элдик меймандарды улуттук кийим кийген кыздар тосуп чыгышууда.
"Ысык-Көл" аэропортуна эң маанилүү деген меймандар келип түшөт. Көчмөн кыргыздардын образын берүү үчүн аэропорттун аймагына өзгөчө конокторго үч боз үй тигилди. Бул коноктор үчүн учактан түшөрү менен биздин маданиятыбыз менен таанышканга жакшы мүмкүнчүлүк", - деп билдиришти катчылыктан.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн, 2-сентябрда башталып, 8-сентябрга чейин уланат.