Биз социалдык тармакта

Эрдоган: "Фето" уюмунун артында АКШ турат"

"Фето уюмуна АКШ колдоо көрсөтүүдө". Мындай сөздү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз-Түрк бизнес-форумунда айтты.

Ал аталган уюм коркунучтуу экенин баса белгиледи. "Түрк-Кыргыздын жакын мамилеси мурда да болгон, азыр да бар, мындан кийин ошондой болушун каалайм. Быйыл Түркияга 40 миллион турист келди. Бул багытта биздин чоң тажрыйбабыз бар. Буга чейин 4300 Кыргыз жаштары "Түркия стипендиялары" программасы менен биздин өлкөдө окуп кетти. Азыр да жүздөгөн Кыргыздын студенттери Түркиянын абройлуу окуу жайларында окуп жатат", - деди Эрдоган.

Андан сырткары ал Түркияда экстремисттик деп табылган "Фето" уюму жөнүндө айтып өттү. "Учурда 160 өлкөдө "Фето" уюму иштеп жатат. Анын башчысы болсо АКШда отурат. Демек, анын артында АКШ турат", - деди Түрк президенти.

Аталган уюмдун негиздөөчүсү делген дин аалымы Фетхуллах Гүлен учурда АКШда жашап келет. Буга чейин аны өткөрүп берүү талабы боюнча Түркия АКШга бир нече жолу кайрылган. Бирок алардын аракети ишке ашпай келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Mirlan27011987
2018-09-02 10:26:11
Гулен менен Чубактын байланышы бар.
+11
Salaf
2018-09-02 10:26:40
Эң бир туура, акш мусулмандардын же Ислам дүйнөсүнүн номер биринчи душманы болуп туруп, (дин аалымы деп мактаган) Фетону эмнеге койнунда катып жүрөт Туркияга бербей? Демек акш фетону колдонуп жүрөт.
+9
Dalil
2018-09-02 10:39:09
АКШ эч качан жакшы иш жасаган эмес башка мамлекеттер үчүн. Жакшы иш жасаса да өздөрүнүн пайдасы үчүн жасады. Кайсы өлкөдө согуш болсо АКШнын салымы бар ал жерде. Кореанын эки бөлүнүшүнө, Вьетнам, Афганистан, Ирак, Палестина, Украинадагы кан төгүүлөрдун артында АКШ турат.
+12
nuri1
2018-09-02 10:50:12
Эрдоган бизди жарга такадыбы? Эртен кытайлар жарга такайт. Айла жок Россия бир боорум деп журо берелик.
-3
Bazake
2018-09-02 11:36:35
nuri1,Эч ким жарга такай албайт бизди. Жээнбеков Атамбаев эмес азыр башка президентке чогологон
-4
Erik2018
2018-09-02 16:59:46
nuri1, Эмнеге такамак эле. Президент эмне кылышты жакшы билет.
-1
Bars88
2018-09-02 10:59:15
Бул дагы биздин ашага окшош.Озуно жакпагандарды Гюленчилер дей берет.Аша болсо каттуурак шамал болсо Бакиев кылды дегенден тажабайт
+11
nuri1
2018-09-02 11:18:21
Кимге коз каранды болсок, ошонун оюу менен жашайбыз
+8
i1urp
2018-09-02 12:14:51
Бугунку айтылган убадалардын 90 пайызы кагаз турундо гана калат. Мурда деле ушундай болчу, как обычно келишет кооз суйлоп кетип калышат. Биз учун Путинден отоору киши жок.
+11
fora
2018-09-02 15:01:34
Адеп баш аты уйумун террорист дегениби Эрдоган озу эле динге тосколдук кылып жаткандайго.Гуленди дунуйо жузундо аалым деп танышат бул жон гана озунун душмандыгы болсочу
+3
faraon312
2018-09-03 02:33:41
Кудай билүүчү баарын...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан