Бүгүн, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын VI саммити өтөт.
Маалыматка ылайык, саммитке Кыргыз өлкөсүнүн, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Азербайжан президенттери катышат. Жыйынга катышуу үчүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз өлкөсүнө келип, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.