Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда каза болгон жарандын өлүмүнө шектелген жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Анын айтымында, шектүүнүн баш коргоо чарасы Свердлов райондук соту тарабынан каралып, 2 айга камакка алуу чечими чыкты. Оморов учурда тергөө амалдары улантылып жатканын кошумчалады.
Окуя 28-августта "Айчүрөк" соода борборунун жер төлөсүндө орун алган. Анда пикир келишпестиктен улам каза болгон жаран менен телефон сатуучунун ортосунда уруш чыккан. Натыйжада 40 жаштагы жаран алган жаракаттарынан улам эс-учун жоготуп каза болуп калган.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.