Бүгүн, 28-августта "Айчүрөк" соода борборунун жер төлөсүндө 40 жаштардагы эркек киши эс-учун жоготуп каза болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов кабарлады. Оморов учурда жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын кошумчалады.
"Болжолдуу түрдө 40 жаштагы киши соода борбордун уюлдук телефондорду саткан төмөнкү кабатында жүрүп эс-учун жоготуп койгон. Тилекке каршы, ал өзүнө келе албай жатып каза болуп калды. Учурда милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын териштирип жатышат", - деди Оморов.
Ал эми аталган соода борбордун администрациясы менен байланышканыбызда, жогорудагы окуя боюнча кабарлары жок экендигин айтышты.