Майлуу-Сууда токко урунуп, эки колун чыканагына чейин кестирген жоокер Руслан Сапарбаевге кайрадан операция жасалат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 3-сентябрда жеңеси Венера Өмүралиева кабарлады. Анын айтымында, баланы сол колунун жарааты кыйнап жатат.
"Биринчи операцияда оң колунун чыканагынан 4-5 сантиметр ылдый жагы кесилген. Экинчи операция сол колуна жасалып, чыканагынан 7-8 сантиметр ылдый жагы кесилген болчу. 31-августта баланын жанында болуп келдим. Бала мага "жеңе, сол чыканагымдагы эт сөөктөн ажырап жаткандай туюлуп жатат" деп айткан. Дарыгерлер карап чыгып дагы операция жасала турганын айтышты. Дарыгерлер эми сол колун кайсы жерине чейин кесет, белгисиз", - деди Өмүралиева.
22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев 7-август күнү Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскердик бөлүктө бир күндүк нөөмөт учурунда электр көмөк чордонунун аймагына кирип токко урунган.
Алган жаракатынан улам Бишкектеги 4-ооруканага алынып келип, алгач оң колунун, андан кийин сол колунун чыканагына чейинки бөлүгү кесилген.
Анын жеңеси Венера Өмүралиеванын айтымында, ал иштебей турган электр щитине уялап алган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюуга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган. Ал эми Башкы штаб жоокер тыюу салынган белгилерге карабай трансформаторго кирип барып, токко урунганын айтууда. Буга байланыштуу аталган аскердик бөлүктүн командири кызматтан алынган.
Руслан Сапарбаевге жардам берүүнү каалагандар апасы Венера Сейталиеванын 0707 75 00 80 Элсом номерине же 1030121100001856 эсебине акча которуп койсоңуздар болот.