Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктө 22 жаштагы Руслан Сапарбаев аттуу жоокер токко урунуп, бир колунан айрылды. Окуя 7-августта болгонун жеңеси Венера Өмүралиева SUPER.KG'ге 21-августта кабарлады. Анын айтымында, жоокер аскердик бөлүктүн жанындагы эски электр щитке уялаган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюп коюуга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган.
"Кырсык 7-август күнү эртең менен аскердик патруль учурунда болгон. Кайним эки жоокер болуп жолдо баратып, иштебей турган электр щитине уялап алган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюп коюуга аракет кылып жатканда токко тартылып кетиптир. Билишибизче, ал щит лампа заводуна караштуу болуп, бирок 30 жылга жакын убакыттан бери иштебей туруптур. Электр зымдары да жердин астынан тартылуу экен. Андагы токтун кубаттуулугу 6 миң вольттук болгондуктан кайним катуу жабыркаган. Дароо Жалал-Абадга ооруканага жеткирилип, андан кийин Ошко которулуптур. Кийин Бишкекке алынып келип, 17-августта оң колунун чыканагына чейинки бөлүгү кесилди. Сол колунун да бармагы түшүп калыптыр. Дарыгерлер сол колун сактап калууга аракет кыла турганын айтып жатышат. Бирок сакталып калышы күмөн жаратууда. Анткени сол колунун сөөгү дагы катуу жапа чегиптир. Кеткен чыгымдар Башкы штаб тарабынан төлөнүп жатат. Ошондой эле пенсия төлөнүп берилерин айтып жатышат", - деди Өмүралиева.
Өмүралиева кошумчалагандай, Руслан Сапарбаев 45 жаштагы апасы Венера Сейталиева экөө атасы каза болуп калып, Бишкекте батирде жашап келишкен.
"Кайним Автожол окуу жайын аяктап апрель айында аскерге Бишкектен кеткен. Атасы каза болуп калган. Апасы экөө бул жакта батирде турушчу. Апасы дыйканчылык талааларында, кээде унаа жуучу жайларда иштеп акча тапчу. Айтор шарты оор болчу. Кайним эми минтип майып болуп калгандыктан Бишкектен үй берилсе жакшы болот эле", - деди жеңеси Өмүралиева.
Башкы штаб окуя боюнча азырынча эч кандай маалымат тарата элек. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева 22-август күнү маалымат бериле турганын убадалады.