Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши сотко өттү

Бишкекте жашаган үйүнөн киши колдуу болуп каза болгон Улан Саляновдун иши сотко өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улан Саляновдун өлүмү боюнча биринчи соттук отурум 6-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда өтөт.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен. Кийин анын өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 32 жаштагы Э.О. аттуу тургуну кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан