Бүгүн, 5-сентябрда дүйнөгө "Бэтмен" тасмасы аркылууу таанылган америкалык актёр Майкл Китон 66 жашка чыкты. Ал 1951-жылы АКШнын Пенсильвания штатындагы Кораополис районунда туулган.
Актёрдун өз аты-жөнү Майкл Жон Дуглас болгон. Бирок көпчүлүк белгилүү актёр Майкл Дуглас менен алмаштырып албасын деп өзүнө Китон лакап атын алууга туура келген. Майкл Китондун чоң кинодогу дебюттук ролу 1982-жылы "Түнкү нөөмөт" ("Ночная смена") комедиясында болгон. Ал эми актёрго атактуулукту режиссёр Тим Бёртондун "Битлджус", "В трезвом уме и твёрдой памяти", "Бэтмен" тасмаларындагы ролдору алып келген.
Анын атагы дүйнөгө супер баатыр Бэтмендин образы аркылуу кеңири тарап, жаш жеткинчектердин идеалына айланган. Фильмде баш каарман жарганаттын костюмун кийип кылмыштуулукка каршы күрөшөт. Майкл ошондой эле режиссёр Жон Уоттстун "Жөргөмүш киши: Үйгө кайтуу" фантастикалык тасмасында роль жараткан.
2014-жылы мексикалык кинорежиссёр Алехандро Гонсалес Иньярритунун "Бёрдмэн" аттуу комедиясына тартылып күйөрмандарына жаңыча образ менен тааныла алган. Аталган тасма дүйнөлүк кино сынчылары тарабынан жогору бааланып, актёрдун ролу "Алтын глобус" сыйлыгынын "Эркектин мыкты ролу" наамына, "Оскар" сыйлыгынын " Мыкты фильм" жана "Эркектин мыкты ролу" наамына татыган.
Тасма талаасында жараткан образдары 50дөн ашканына карабастан, актёр бүгүнкү күндө да режиссёрлордун сунуштарынан баш тарта элек.
2017-жылы "Жөргөмүш киши: Үйгө кайтуу" тасмасына тартылып көрөрмандарына тартууласа, учурда 2019-жылы жарыкка чыга турган "Жөргөмүш киши: Үйдөн алыста" аттуу тасмасына тартылууда.
Жеке жашоосу