ЭЛДИК КАБАР: "Чоң-Алайдагы Мама токою таштанды таштоочу жайга айланып бара жатат" дейт окурман

"Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын сыймыгы - Мама токою. Бул токой акыркы убактарда такыр каралбай калды. Мурдагы жапжашыл бак-дарактар жок, жергиликтүүлөрдүн таштанды таштаган жерине айланып бара жатат", - деп окурман "Элдик кабарга" жазган.

Анын айтымында, токойго киргенден баштап аягына чейин ар кайсы жеринен таштандылар учурайт. Анын арасында малдын тарпы да ташталган.

"Токойлорго көңүл буруу - мезгилдин талабы. Антпесе айлананын баары таштандыга толуп кетет" дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
maks94.kb
2018-09-06 07:59:27
Ким куноолу албетте жергиликтуу эл куноолу
Ошол жерде жашап ошол жерде омур кечирип жаткан сон Тазалыкты сактоо керек
+2
Paprikafm
2018-09-06 10:20:13
Туура айтасың, эл өздөрү таза болушу керек
0
almanbetperm
2018-09-06 10:54:03
Токой дегенде бак дарак болчеле,эчтеке корунбойтго
+1
jumaev0084
2018-09-06 13:28:12
Бак дарактарын Мамалатып кыйып кетишсе керек да
0
Leksys570
2018-09-07 08:43:52
Тазалагыла да кечке бекерсинер мал жан карап еле бироону ушактап отура бересинер 30 уул ичкилик деп болуп келген адамды бел ашты деп коро албайсынар ошол мусорунорду да республикага жайып озунор тазалагыла
!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан