Бүгүн орусиялык белгилүү ырчы, "Ласковый май" тобунун солисти Юрий Шатунов 45 жашка толду. Ал 1973-жылы 6-сентябрда Башкортостандын Кумертау шаарында төрөлгөн. 3 жашка толгондо ата-энеси ажырашып, 8 жашында апасы жүрөк оорусунан улам каза болгон. Юрий 12 жашка чейин таежесинин колунда чоңоюп, андан кийин жетимдер үйүндө тарбияланган. Бир жылдан кийин Оренбург шаарындагы №2-мектеп-интернатына которулган.
Юрий Шатунов алгачкы жолу "Ласковый май" тобу менен 1986-жылы 28-декабрда интернаттын жаңы жылдык бий кечесинде ырдап чыккан. Буга чейин музыкага көңүл кош мамиле кылганы менен, дал ушул күндөн тартып жаш талант музыкадан башка кызыкчылыктарынын баарынан алыстоого аргасыз болгон. Топко келгенге чейин жаш болсо да, ар кайсы маданият үйлөрүнөн суранып жүрүп эң алгачкы "Белые розы" ырын жарыкка алып чыккан. Көп узабай ыр бүткүл Советтер Союзунун элине тарап, хит ырга айланат. Ал "Ласковый май" тобунун эң көрүнүктүү солисти катары чыныгы жылдыздардын катарын толуктап, ал гана эмес, популярдуу болууга жетишкен.
"Месяц июль", "Метель в чужом городе", "Звёздная ночь", "Розовый вечер" альбомдору менен бүтүндөй СССР элинин жүрөгүн багындырган “Ласковый май” тобу ошол учурда, жетекчиси Разиндин айтымында, 20 миллион долларга жакын акча табышкан. "Ласковый май" популярдуулуктун туу чокусуна жетип турган кезде аз дегенде 12ден кем эмес "Ласковый май" тобу бүткүл союз өлкөсүн кыдырып гастролдоп жүрүшкөн.
Топтун жетекчиси Андрей Разин канча аракет кылбасын муну менен күрөшө алган эмес. Топтун жетекчиси Андрей Разин массалык маалымат каражаттарына берген интервьюларында топтун тапкан каражаттары тууралуу көптөгөн маалыматтарды тараткан. Мындан улам Юрий Шатуновго жана топтогу музыканттарга көптөгөн коркутуулар жана акчанын айынан өмүрүнө кол салуулар болгон.
1992-жылы Юрий Шатунов “Ласковый май” тобунан кеткен. Юрийдин кетиши менен топ дагы таркайт. Топтон кетүүсүнүн себебин Юрий жеке ырчы катары өз карьерасын өстүрүүнү каалагандыгы жана Разиндин ашыкча башкарып алгандыгы менен байланыштырган.
Ырчы азыркы тапта бир уул, бир кыздын атасы, үй-бүлөсү менен Германиянын Мюнхен шаарында жашайт. Юрий берген интервьюларында жубайын бир көрүп сүйүп калганын айтып келет.
Ал чыныгы сүйүүсү болгон учурдагы жубайы Светлана менен Германияга болгон гастролдук сапарында мейманканадан таанышкан. Бул тууралуу маалымат каражаттарына берген интервьюсунда: “Светлананы мага жолуктуруп койгону үчүн Кудайга рахмат! Үйлөнгөнгө чейин эле уулдуу болууну тилечүмүн, болгондо да “өзүмдүн туулган күнүмдө төрөлсө” дечүмүн. Тилектеримдин 99 пайызы иш жүзүнө ашты десем болот. Уулум Денис менин туулган күнүмө 10 саат жетпей 2006-жылы 5-сентябрь күнү төрөлгөн. Төрөт учурунда баштан-аяк Светлананын жанында болдум”, - деген ырчы.
Ал өзүнүн кичинекей мамлекети тууралуу сөз кыла бергенди жактырбайт жана үй-бүлөсүн эл назарынан оолак кармайт.