Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок отурумга соттолуучу алып келинбегендиктен сот соттук кароону башка күнгө жылдырды.
Саляновдун жакындары айыпталуучунун келбегенине нааразы болуп чыгышты. Буга айыпталуучу тараптын жакындары жооп кылып, анын сабалганын айтышты.
"Ал көк ала болуп сабалган. Ошол үчүн соттук кароого алып келишкен жок" дешти соттолуучунун жакындары. Сот муну аныктоо керектигин айтты.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен. Кийин анын өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 32 жаштагы Э.О. аттуу тургуну кармалган.