Британиялык аскер атташе Кырчында 500 миң сомдук буюмдарын уурдаткан

Буга чейин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген британиялык аскер атташенин Кырчын жайлоосуна өзү тигип алып, түнөп жүргөн чатырынан баалуу буюмдар уурдалгандыгы маалымдалган. Ысык-Көл ОИИБинен бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG'ге кабарлашкандай, жабырлануучу мындан 500 миң сом зыян тарткан.

"Улуу Британиянын Астанадагы элчилигиндеги аскер атташе Эндрю Холтондун 1 фотоаппараты, 2 видеокамерасы объективи менен фонарь жана башка буюмдары уурдалган. 4-сентябрда ал рюкзагын чатырынын ичине таштап оюндарды көрүү үчүн чыгып кеткен. Ошол учурда анын буюмдары уурдалып, бирок ал аны 5-сентябрда билген", - деди ОИИБдин маалымат катчысы.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыштын бетин ачуу үчүн атайын ыкчам иликтөө тобу түзүлдү. Учурда издөө иштери жүрүүдө.

Белгилүү болгондой, чет элдик конок үй-бүлөсү менен 2-сентябрь күнү келишкен. Ал Кырчын жайлоосундагы этношаарчадан алысыраак жерге алачык тигип жашап жаткан. Буга чейин милиция кызматкерлери ал алачык тигилген аймак кайтарылбагандыгын эскертип, туристтер үчүн тигилген боз үйгө жашашы керектигин айтышкан.

Кырчында британиялык аскер атташенин баалуу буюмдары уурдалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jango
2018-09-06 11:03:26
Мага шпиондой эле сезилди бул иностранец эки камера болсо кызык фотоаппарат болсо жанында дагы башка нерселер бар дейсинер боз уйдон алыста жашаса
+3
Djumahmatov
2018-09-06 13:28:06
Таап бериштиго кабарынар жокбу боз уйдо унутуп кеткен экен боз ээси дароо эле милиция кызматкерлерине кабар берип откоруп берген экен милициялар кайра озунун колуна карматышты
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан