Кырчын жайлоосунда британиялык аскер атташенин баалуу буюмдарынын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 5-сентябрда милиция кызматкерлерине арыз менен британиялык аскер атташе Эндрю Холтон кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар анын алачыгынан кымбат баалуу техникасын уурдап кеткенин билдирген.
"Уурулук фактысы катталган жер кайтарылчу эмес. Белгисиз адамдар ал этношаарчага кеткен учурда анын алачыгына кирип баалуу буюмдарын алып кетишкен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыштын бетин ачуу үчүн атайын ыкчам иликтөө тобу түзүлдү. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, чет элдик конок үй-бүлөсү менен 2-сентябрь күнү келишкен. Ал Кырчын жайлоосундагы этношаарчадан алысыраак жерге алачык тигип жашап жаткан. Буга чейин милиция кызматкерлери ал алачык тигилген аймак кайтарылбагандыгын эскерткен.