Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө айылынын тургуну короосуна келип алган кулундуу 2 бээни 1 аптадан ашык бакканын айтат. Анын билдирүүсүндө, буга чейин мал базарга барып жарыя беришкен.
"Андан кийин аймактык милиция бөлүмүнө кайрылып маалымат берип кайттык. Издеп эч ким келген жок. Үйдөгүлөр менен 1 аптадан ашык 2 бээни кулундары менен багып жаттык. Чынында корктук, биз чек арага жакынбыз, "биздин короого көнбөгөн бээлер чек арадан өтүп кетсе эмне болот, уурдатып жиберсек эмне болот?" деп башка ишибизди таштап коюп, ошолор менен алек болуп, көп жакка ээси келип алып кетсин деп маалымат тараттык. Анын негизинде кечээ, 6-сентябрда малдын ээси табылып, үйгө келип алып кетти. Ал келгенде чогуу милиция бөлүмүнө барып, аларга билдирип малын өткөрүп бердик", - деди бээлерди багып жүргөн тургун Мукарам Назарова.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.