Бүгүн кыргыз эстрада ырчысы, "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Супер ырчы мырза" наамынын үч жолку ээси Нурлан Насип 28 жашка толду. Ал 1990-жылы 10-сентябрда Токтогул районунун Терек-Суу айылында туулган. 5 бир туугандын төртүнчүсү. Ал 9-класска чейин туулган айылында билим алып, кийин борбордогу Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырган. Бүгүнкү туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду.
"Туулган күнүм түндө эле башталган. Түнкү саат 12ни какканда эле бир туугандарым куттуктап сюрприз жасап, маанайымды көтөрүштү. Туулган күнүм ата-энем, бир туугандарым, жубайымдын курчоосунда өтүп жатат. Жакындарымдын жакшы куттуктоо сөздөрүн угуп, маанайым абдан жакшы. Ал эми бүгүн кечинде жакын досторумдун курчоосунда Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринен өткөрөм" дейт ырчы.

"Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
- "Күнүмдүк жашоодо тоналка такыр колдонбойм. Бирок чоң концерттерде, телеберүүлөргө чакырса, клип тартканда грим кылууга туура келет. Анткени бул нерсени мен эле кылбайм, бардык эле чыгармачыл мырзалар бетине тоналка сүйкөшөт".
- "Мага келбетти оңдоткон жакпайт. Кыздар, капа болбогула, бирок келбетти өзгөрткөн машинанын бампери урулуп калып жасалат го, ошого окшошуп калат. Мисалы, 2006-жылы чыгарылган машинаны 2011-жылкы кылып жасап койгондой".
- "Мен үйдө эки эжем, бир байкемден кийин төрөлгөндүктөн өтө эрке өстүм. Мектепке окуганга чейин апамдын эмчегин эмип жүрдүм. Эсимде, үйгө коноктор келип, апам мени тынч отурсун деп алдына алып эмизип койду. Алар менен берилип сүйлөшүп отурат, такыр мага көңүл бурбай койду эле, апамдын бетине шак эткизип чаап ийдим. Азыр ойлосом акылым деле жетчү экен, эмнеге чаптым десеңиз. Атам эрке болгонума карабай ушул баламдан бирдеме чыгат деп башка бир туугандарымды чычалата берчү.
