ЖЫЛНААМА, 10-СЕНТЯБРЬ: Кыргыз Эл жазуучусу, сын жанрынын корифейи, профессор Кадыркул Даутов 78 жашка чыкты

Бүгүн адабий сынчы, адабиятчы, Кыргыз Эл жазуусу Кадыркул Даутов 78 жашка чыкты. Ал 1940-жылы 10-сентябрда Ош облусунун Алай районундагы Үч-Төбө айылында туулган.

Кадыркул Даутов 1961-жылы Токмок шаарындагы республикалык маданият агартуу окуу жайын, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Ал эми 1970-1973-жылдары СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуган. 1973-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактайт.

Кадыркул Даутов 1973-жылы КСЭнин адабият жана искусство редакциясынын жетекчиси, 1974-1975-жылдары Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1976-1981-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун совет адабияты секторунун башчысы, 1983-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин СССР элдеринин адабияты кафедрасынын окутуучусу, 1985-1986-жылдары "Кыргызстан маданияты" жумалыгынын бөлүм башчысы, 1989-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы болуп иштеген.

Ал эми 1999-2005-жылдары Чүй университетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, 2005-2007-жылдары И.Арабаев атындагы университеттин профессору, 2007-жылдан Ж.Баласагын атындагы КМУнун профессору болгон.

Эмгектери

Кадыркул Даутов 1960-жылдардын экинчи жарымынан бери адабий-сын чыгармаларын жазып келет. "Ырдын өмүрү" аттуу алгачкы адабий-сын макалалар жыйнагы 1977-жылы жарык көргөн. Негизги чыгармаларын орус, кыргыз тилдеринде жазат.

Кыргыз адабият таануу илиминин көрүнүктүү өкүлү, залкар адабиятчы, атактуу адабий сынчы Кадыркул Даутовдун "Жаңы чектерге: Адабий-сын макалалар" (1980), "Главное – поиск: Адабий-сын макалалар жыйнагы" (1982), "Сөз өнөрүнүн эстетикасы: Макалалар жыйнагы" (1984), "Таланттар жана тагдырлар: Адабий макалалар" (1988), "Тереңдиктер жана бийиктиктер: Макалалар" (1991), "Адабий сын кантип жаралган?: Монография" (2002), "Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү: Монография" (2003), "Мезгил сыны жана мен" (2004), "Түркүн дүйнө элестеринен" (2005), "Издегеним тубаса акын, тунук поэзия" (2008) өңдүү эмгектери бар.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кадыркул Даутов Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

2016-жылы 15-октябрда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу, профессор Кадыркул Даутов "Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу" ардактуу наамына ээ болгон.

Адабияттын тарыхый тамырын, бийиктигин тааныган, "адабий сындын төрөсү" саналган профессор Кадыркул Даутов учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын профессору катары эмгектенип, жаштарга өз билимин бөлүшүүдө.

10-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан