Ысык-Көл облусунда кулаган тик учак боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 12-сентябрда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.
"Түштүк Эңилчек мөңгүсүнө жакын жерде кулаган тик учак боюнча кылмыш иши козголду. Ал тик учак эмне себептен өз багытында колдонулбаганы иликтенип жатат, күнөөлүүлөр жоопко тартылат", - деди Сагынбаев.
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учагы 9-июль күнү эртең менен Хан-Теңири чокусуна жакын жердеги Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарапка кулап түшүп, ичиндеги төрт адам жаракат алгандыгы айтылган. Үчөө аскер кызматкерлери болсо, бирөө котормочу болгон. Алар Хан-Теңири чокусундагы чет өлкөлүк альпинисттерге тамак-аш, дары каражаттарын жеткирүүгө бара жатышкан.
Андан кийин аларды куткарып келүү үчүн дагы бир тик учак жиберилип, жалпы 6 адам Бишкекке алынып келип, дарыгерлерге өткөрүп берилген. Алардын ичинен япониялык жарандын абалы оор болгондуктан Бишкектеги №4-ооруканада операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.