Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учагы Түштүк Эңилчек мөнгүсү тарапка кулап түшүп, төрт адам жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган мекеменин маалымат кызматынан 9-июлда кабарлашты.
Маалым болгондой, бүгүн эртең менен Хан-Теңири чокусунда калып калган чет өлкөлүк альпинистти куткарууга барып, бирок бороондун катуулугунан улам Хан-Теңири чокусуна жакын Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарапка кулап түшкөн. Натыйжада тик учактагы 4 куткаруучу жаракат алган. Учурда куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жерине эки топ чыгып кетти.