Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошевдин өлүмү боюнча текшерүү иштери улантылып жатканын SUPER.KG'ге Ош ОИИБинин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады. Ашырбаев прокурор асынып алганын далилдеген фактылар болгону менен, туугандары ал жүрөк оорусу кармап каза болгонун айтып жатышканын белгиледи.
"Тергөө тобу облус прокурорунун орун басарынын жансыз денеси табылган үйгө барган. Денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда моюнунда жиптин изи бар экени көрүнгөн. Факты өзүн-өзү асып алуу катары катталган. Ал эми туугандары жүрөк оорусу кармап каза болгонун айтып, экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Суроого да мүмкүнчүлүк болгон эмес. Учурда материалдар топтолуп, текшерүү иштери улантылып жатат", - деди Ашырбаев.
Прокурордун орун басары Төрө Кожошевдин жансыз денеси 10-сентябрь күнү эртең мененки саат 8де Ош шаарынын четиндеги Медресе деп аталган жаңы конуштагы үйүнөн табылган. Анын асынып каза болгонун облустук прокуратурадан тастыкташкан.