Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошев өзүн-өзү асып алды. Анын жансыз денеси бүгүн эртең мененки саат 8де өз үйүнөн табылган.
Бул тууралуу маалыматты Ош облустук прокуратурадан ырасташты. Маркумдун бул кадамга барышына эмне себеп болгону иликтенип жатканы кабарланды.