Маркум комузчу Руслан Жумабаевге сыйлык берүү маселеси каралууда

Маркум комузчу Руслан Жумабаевге сыйлык берүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, министрлик тарабынан сыйлык берүү маселеси комузчунун көзү тирүү кезинде эле карала баштаган, бирок кандайдыр бир себептерден улам сыйлык берилген эмес.

"Белгилүү комузчу Руслан Жумабаевдин көзү өткөнүнө карабастан сыйлык тапшыруу маселеси быйыл дагы көтөрүлөт", - деп билдирди басма сөз катчы.

Айта кетсек, комузчу Руслан Жумабаев 10-сентябрда узакка созулган оорудан улам көз жумган. Ал Кыргыз улуттук консерваториясында "Ордо сахна" тобунда иштеген. 2016-жылы Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында Атай Огонбаевдин "Маш ботой" күүсүн 1000 комузчу менен аткарган.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 12-сентябрда Нарын шаарында жерге берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bekturbek
2018-09-12 20:23:26
Биз Кыргыздар,Көзү тирүүсүндө эчкимди Сыйлабайт экенбиз да.
+1
almanbetperm
2018-09-12 20:58:33
Bekturbek,сыйлады самараны эрте эле
+3
muni.98-98
2018-09-12 21:17:05
almanbetperm,ал озуну озу эле сыйлап алды.
+1
Asat17
2018-09-12 23:19:17
Чындыгында ушундай фольклорду алып жургон улуттук колориттеги, профицианалдык музыка менен алектенген инсандарга оз убагында берилсе. Менимче азыркы эстрада ырчылары аткаруучулар экендигин жана музыкалык дараметин карашса дейт элем..
0
bek.94
2018-09-12 23:34:43
Көзү өткөндөн кийин сыйлыгыңарды кабырына көтөрүп кетеби
+1
bibi87
2018-09-13 00:57:45
Узакка созулган оорудан улам каза болду деп окудум окшойт, ошол ооруп жаткан убагында эле берип коюшса ыраазы болот эле го, туштон кийин сыйлыгын которо чуркабай....
+2
madina.87
2018-09-13 01:28:20
Жоо кеткен сон,кылычынды ташка чап деген макал туура болот го.Эми бир дарактын кимге кереги бар???
+1
Erik2018
2018-09-13 09:50:54
Мыкты таланттуу инсанга татыктуу сыйлыгы ыйгарылуусу каралууда Жана Аны саясатташтыруунун кереги жок. Биз олкодо чымын олду десек да саясатты кыпчылып кеткенибизди качан токтотобуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан