Комузчу Руслан Жумабаев каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Айтыш" коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов тастыктады.
Анын айтымында, Руслан Жумабаев 10-сентябрда көз жумду.
Маалыматка ылайык, Жумабаевдин бөйрөгү ооруп, ооруканада дарыланып жаткан. Ал 45 жашта болчу.
Жумабаев Кыргыз улуттук консерваториясында "Ордо сахна" тобунда иштеген. 2016-жылы Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында Атай Огонбаевдин "Маш ботой" күүсүн 1000 комузчу менен аткарган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Руслан Жумабаевдин үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.