Бүгүн, 13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева 49 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап, байланышка чыкты.
"Албетте, маанайым абдан жакшы. Өздүк майрам болуп жаткандан кийин эң сонун маанайда өтүп жатат. Бүгүн кечинде бир туугандарым, досторум, жакын санаалаштарым менен Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде туулган күнүмдү белгилейбиз. Азыркы учурда жумуштан келип, даярданып жаткан кезим", - дейт ырчы.
"Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
- "Мырзалар менен өзүмдү ыӊгайлуу сезем. Жан дүйнөмдөгү сырларымды айтсам, алар эч качан экинчи же үчүнчү адамга жеткиришпейт, мындайча айтканда, өтө ишенимдүү адамдар. Ошол эле нерсени аял кишиге айтсаӊ, кошумчалап отуруп башкача өӊүттө жайып жиберишет. Негизи, жакын санаалаш курбуларым саналуу эле, Гүлнара Кахарова менен жакшы сырдашам, анан өзүмдүн сиӊдилерим бар".

- "Жаш көрүнгөнүм генден болуш керек. Аял киши өзүнөн эч нерсе аябай кымбат косметикаларды, крем-маскаларды колдонуш керек экен. Айрыкча 40 жаштан өткөндөн кийин. Тамакты да кылдаттык менен жеш керек. Биз, кыргыздар, түнкү саат экиде туруп беш бармак жеп жатып алабыз го. Азыр чөп-чарларды көп колдонуп калдым, майлуу, куурулган тамактардан качам. Тойго барганда казы-карта көрүп калсам жебейм, жыттап-жыттап алам".
- 7 бир туугандын ортончусу болом. Менден улуу үчөө, менден кичүү үчөө бар. Орустар айтмакчы, "золотая серединамын". Андыктан улуу болуп тың чыгып, кичүү болуп эркелеп отуруп да алчу эмесмин. Бирок ага-эжелериме арманы жок эркеледим го.
Боюм кичине, кара, тоголок кыз болчумун. Ал кезде дискотека деген жок, "танцы" деп койчубуз, эжелерим "Асел, жүрү, "танцыга" барып келебиз" деп мени ээрчитип кетишчү. Ал жактан эч тартынуу деген жок, ортого түшүп алып эки колумду жайып бийлеп кирер элем.
Мен эжелериме тирүү куурчактын ролунда болгондуктан, "куурчак сатып бер" деп ата-энемди кыйнашпаса керек, чынында. Алар мени шпагатка отургузуп, сальто жасатып, ырдатып, чачымды түрдүүчө жасалгалап, айтор, мени куурчак кылып ойношчу. Учурда бир туугандарымдын баары үйлөнүп-жайланып, турмуштан өз ордун тапкан инсандар".
ЫРЧЫ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР:
- Ырчы 1969-жылы 13-сентябрда Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлүп, 6 айынан тарта Нарын облусунда чоң энесинин колунда өскөн;
- Үй-бүлөдө 7 бир туугандын ортончусу;
- Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин деканы.
- 1998-жылы туулган Бегайым аттуу кызы бар;

- Турмушка чыгарда жолдошун туура эмес тандаганына өкүнөт;
- Ичине эч нерсе катпайт да, сактабайт. Учурдагы сүйгөнү чыгармачылыгын колдойт. Жалкоолугу кармап боёнгусу келбей турса, “артист эл алдында сулуу көрүнүшү керек” деп боёнууга мажбурлайт;
- Чыгармачылыкта ырчы Гүлнара Кахарова менен жакшы сырдаш;
- Эркектердин ала жипти аттоосун таптакыр жаңылыштык деп эсептебейт, бирок такыр эле Дон Жуан болуп кеткендерди жек көрөт;
- Мурун кийген сахна кийимдерин эч кимге бергиси келбейт;
- Жалгыздыктан коркот.
13-сентябрга карата жылнаама.