Көпчүлүккө "Эс-тутумдун күндөлүгү", "Белгисиз адамдар" ("Люди Икс") жана "Супермендин кайтып келүүсү" тасмалары аркылуу таанылган америкалык актёр Жеймс Марсден 45 жашка чыкты. Ал 1973-жылы 18-сентябрда АКШнын Оклахома штатында жарык дүйнөгө келген.
Карьерасын 19 жашында моделдик кесиптен баштаган. 1 жылдан соң кино тармагына аралашып, "Бала багуучу" тасмасында экинчи пландагы каармандын ролун жараткан.
Ага атактуулукту 2000-жылы тартылган "Белгисиз адамдар" фильми алып келип, көзүндөгү лазер менен атуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон образы көпчүлүктү кайдыгер калтырган эмес. Кызыгы, актёрдун бою аталган тасмадагы өнөктөшү Хью Жекмандан бир топ эле кыска болгондуктан атайын даярдалган такалуу бут кийим кийүүгө мажбур болгон.
Ошондой эле "Эс-тутумдун күндөлүгү” фильминдеги үч бурчтуу сүйүүнү баштан кечирген BBC`нин учкучу Лон Хаммонддун ролу жана 2014-жылы чыккан "Алып баруучу: Кайрадан саламатсыздарбы?" тасмасы менен көрөрмандардын купулуна толгон.
Актёр 2000-жылы актриса Лиза Линдеге үйлөнүп, экөө Мери аттуу кыздуу, Жек аттуу уулдуу болушкан. 2011-жылы жубайы ажырашууга арыз таштаган. 11 жылдык мамиледен соң 2012-жылдан тарта Роуз Коста аттуу модель менен жакын мамиледе болуп, аз убакыттан кийин кол үзүшкөн. Түгөйлөр эки башка жолго түшкөндө кош бойлуу болгон Коста актёрго Уильям аттуу уул төрөп берген.
2017-жылы Жеймс Марсден АКШнын 43-президенти Жорж Буштун Иракка кол салуусунун негизинде тартылган "Нес жана калтырак" аталышындагы тасмада роль жараткан.
Учурда америкалык Жефф Фоулердин "Кирпи Сонник" көркөм тасмасына туртылууда. Актёр Том аттуу аймактык тескөөчүнүн образын жараткан аталган тасма 2019-жылы жарыкка чыгуусу пландалууда.
Голливуд актёру, "Марвел" дүйнөсүнүн каарманы Жеймс Марсден тасма талаасында 40ка жакын роль жараткан. Көбүнчө фантастикалык тасмаларга катышарын өзү моюнга алган.
18-сентябрдын жылнаамасы.