Ош облусу боюнча дарбыз Кара-Суу, Араван райондорунда көп эгилет жана июль айынын орто ченинен баштап сатыкка толук чыга баштайт. Учурда Ош шаарында сатылып жаткан дарбыздар Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Шамалды-Сай шаарчасынан алынып келинүүдө. Ош облусу боюнча дарбыз Араван районунда биринчи бышат. Жергиликтүү дыйкан Алым Шүкүржановдун айтымында, Араван районунда бышкан дарбыздардын алгачкылары ушул аптада сатыкка чыга баштады. Төмөндөгү сүрөттөрдө Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылындагы дарбыз талаасы жана сатыкта турган дарбыздар көрсөтүлдү.