Соттук отурумда Улан Саляновдун жакындары айыпталуучуга жулунуп кирип, конвоирлер менен тирешүү болду

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча соттук отурум болуп өттү. Айыпталуучунун жактоочусу билдиргендей, соттук кароонун жүрүшүндө залга соттолуучу Эрмек Осмонкулов алып келинди. Соттук кароонун жүрүшүндө жабырлануучу тараптын жактоочусу келбегендигине байланыштуу маркумдун эжеси Аида Салянова соттон отурумду башка күнгө жылдырууну өтүндү. Сот суранычты канааттандырган жок, андан кийин Салянова отурумдан чыгып кетти. Соттун Салянованын өтүнүчүн канааттандырбаганына айыпталуучунун буга чейинки дагы башка кылмыш иши (Ош шаарындагы каракчылык) боюнча да соттук кароо өтүп жатканы себеп болду.

Алгач айыпталуучунун биринчи кылмыш иши боюнча отурум жүрдү. Сот жабырлануучу тарапка кайрылганда алар соттук отурумга катышуу үчүн Оштон Бишкекке келип-кетүү оорчулук жаратып жаткандыгын айтып чыгышты. Ошондой эле алар айыпталуучудан 450 миң сом өлчөмүндөгү материалдык чыгымды жана 1 миллион сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү өтүнүштү.

Ишти карап жаткан сот Абдуразак Боромбаев айыпталуучудан ал тууралуу маалыматтарды сурады.

Осмонкулов мектепте 9 класс окуганын, үй-бүлөсү жок экенин, 2016-жылы Свердлов райондук соту тарабынан соттолуп, 2 ай өтөлө элек мөөнөтү бар экенин билдирди.

Сот эмне себептен тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу үй-бүлөсү бар деп айткандыгын сурады. Осмонкулов расмий түрдө үйлөнбөгөндүгүн айтты.

"Бул маалда залга Улан Саляновдун тарапташтары кирип, айыпталуучу тарапка жулунушту. Бирок аларга кызматкерлер каршылык көрсөтүп, айыпталуучуга жеткирбей токтотуп калышты. ЖАМКтын кызматкерлери менен жабырлануучу тараптын өкүлдөрүнүн ортосунда тирешүү болду. Сот сырттан кирип келгендердин баарын чыгарууну айтты", - дейт жактоочу.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен. Кийин анын өлүмүнө шектелип Бишкек шаарынын 32 жаштагы Э.О. аттуу тургуну кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан