Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева кызмат мөөнөтү аяктап жатканына байланыштуу кечээ, 20-сентябрда маалымат жыйын берди. Анда Жогорку Сот менен эл аралык уюмдар жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 1044 жарандын 73 пайызы "сотторго ишенебиз" деп жооп бергенин айтты. Токбаеванын билдиришинче, бул пилоттук негизде Бишкек шаарын гана камтыган сурамжылоо. Ал бул көрсөткүч жалпы элдин сотторго болгон көз карашы эместигин белгилеп өттү. Ошондой эле төрайым акыркы кездерде сот системине жарандардын ишеними жогорулаганын кошумчалады. Бирок анын сурамжылоо тууралуу маалымат бергени социалдык тармакта сын пикирлерди жаратты. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жогорку Соттун төрайымы элдин 73 пайызы сотторго ишенет дейт. Сиз кандай ойдосуз?" деп собол салды.
ӨМҮРКУЛОВ: “Сотторго элдин 73 пайызы ишенет деген өтө жогору көрсөткүч”
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов сотторго болгон ишеним боюнча сурамжылоого жарандар түшүнбөй калган болушу мүмкүн дейт.
“Бул сурамжылоо кандай негизде болгон? Жарандар суроого түшүнбөй жооп берип коюшу мүмкүн. Сотторго 73 пайыз ишенет деген өтө жогору көрсөткүч. Бүгүнкү күндө, тилекке каршы, сот бийлиги саясатташып кетти. Албетте, бул туура эмес. Соттор үчүн биринчи кезекте эң ыйык - бул Конституция. Мыйзамдан бийик нерсе болбошу зарыл. Эгерде ошонун баары так сактала турган болсо сөзсүз түрдө сот бийлигинин аброю жогорулайт”, - деди Өмүркулов.
ОСМОНОВ: “Соттук иштер аябай саясатташып кетти”
Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов сотторго болгон ишенимге карата сурамжылоого катышкан тар чөйрөнүн жыйынтыгы реалдуу картинаны чагылдыра албайт деген пикирде.
“Миң кишинин катышуусу менен өткөн сурамжылоону тар чөйрө деп койсо болот. Анын жыйынтыгы эч качан реалдуу абалды чагылдыра албайт. Реалдуу абалды чагылдыра турган жыйынтык чыгуу үчүн карапайым жарандардан сураш керек. Соттук иштерге кандайдыр бир деңгээлде катыштыгы бар эл ичиндеги адамдар бул суроого негиздүү жооп айта алышат. Чындыкты айта турган – бул карапайым эл. Кээде соттук иштерге катышкан эки тараптын бири жоопкер тарап, бири доогер тарап карама-каршы жооп айтышы мүмкүн, бирок бардык иштерде эмес. Мыйзамда каралган объективдүү иштерде эки тарап тең эле макул болот. Саясий боёгу бар иштерде соттолуучулар, доогер болгон мамлекет жана жалпы коомчулук да нааразы болгон учурлар кездешет. Бирок мунун баарына карапайым калк туура жооп айта алат.
Соттордун учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу айтсам, менин сот системинен алыстаганыма 10 жыл болду. “Ар ким өз заманын мактайт” дегендей болбоюн. Бирок биздин учурда сотторго басым жасаган азыркыдай көрүнүштөргө жол берчү эмеспиз. Биздин убакта азыркыдай, өзгөчө Атамбаевдин учурундагыдай президенттик администрациядан, өкмөттөн же Жогорку Кеңештен кимдир бирөөнүн кийлигишүүсүнө жол бербейт элек. Мен баарын темирдей кармап турчумун. Барган сайын соттук иштер аябай саясатташып кетти”, - деди Осмонов.
СООРОНКУЛОВА: “Менин оюмча, сотторго ишенимдин деңгээли 5 пайыздан ашпайт”
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын айтымында, сотторго ишенүү боюнча сурамжылоону соттор өздөрү өткөргөнү үчүн 73 пайыз эл ишенет деп жыйынтык чыккан.
“Соттор сурамжылоону өздөрү өткөрсө жыйынтыгы ошондой болот да. Сотко адилеттүүлүк издеп келген адамдардан “сотко ишенесизби?” деп сурап жатышат. Алар эмне деп жооп бермек эле? Албетте, алар “ишенем” деп жооп беришет. Менин оюмча, сотторго ишенимдин деңгээли 5 пайыздан ашпайт болуш керек. Соттор күнүнө канча чечим чыгарып жатат, канчасы адилеттүү, канчасы адилетсиз экенине баа берүү кыйын. Бирок Жогорку Соттун өзүнүн эле ишмердүүлүгүн карап көрө турган болсок, төмөнкү инстанциялардын чечимдерин жокко чыгарган иштер көп. Жогорку Соттун төрайымы ушул боюнча айтып берсе болмок”, - деди Сооронкулова.
ХАСАНОВ: “Элдин 50 пайыздан көбү сотко ишенет”
Юрист Канат Хасановдун пикиринде, саясий буюртма менен жасалган иштер сотторго болгон ишенимди жоготууда.
“Менин оюмча, төрайымдын айтканы туура. Мен пайыздык көрсөткүчтү так биле албайм, бирок 50 пайыздан көбүрөөк сотко ишеним бар. Анткени буюртма иштер менен болгон чуулгандуу окуялар, соттордун ишине көз карашты өзгөртүп койбосо, жалпы алганда ишеним бар. Жарандык иштер мыйзамдын негизинде каралып, эл сотко ыраазы эле болуп жатат. Бирок сот ишине нааразы болгон да адамдар бар, жеңилген адамдар нааразы болот. Сотто бир тарап утат, бир тарап утулат. Анан эки ача пикир жаралат.
Саясий иштерде жогору жактагы адамдардын сот ишине киришип кеткени элдеги күмөн саноону жаратат. Жалпы коомдун сотторго ишенимин камсыз кылуу үчүн сот эркиндигин түзүшүбүз керек. Саясий буюртмалар болбосо сот эркиндиги жаралмак. Азыркы төрайымдын ишмердүүлүгү боюнча айтсам, жакшы баа берем. Бул төрайым мурункуларга караганда коррупцияга аралашпай жакшы иштерди жасады, чын дилинен иштеп берди”, - деди Хасанов.
ТОКТОСУНОВ: “Жаңы президент келгенде соттор өзгөрө баштагандай сезилген, бирок азыр баягы эле калыбына түшүп калды”
Юрист Шарабидин Токтосунов Жогорку Соттун төрайымы айткан элдин 73 пайызы сотко ишенет деген жомок экенин билдирди.
“Жогорку Соттун төрайымы айткан статистика жомок десем болот. Ал "сотко катышкандардын, иши түшкөндөрдүн бардыгынан сураганыбызда ушундай жыйынтык чыкты деп" деп айтып жатат. Бул сөздүн баары жалган. Бүгүнкү күндө сотторго эч ким ишенбей калган. Эмне үчүн ошол сурамжылоо кылгандар бизден сурабайт? Бизге окшоп сотко катышып, сот ишин көрүп жаткан адамдардан сурашы керек.
Саясий иштер боюнча деле баары көрүп турат. Эч бир күнөөсү жок адамдар камалып, күнөөсүз экенине далил келтиргенибизге карабай соттолууда. Ошондуктан Жогорку Соттун төрайымы айткан маалымат туура эмес.
Президент сот реформасы жөнүндө бир нече жолу айтты. Бирок бүгүнкү күндө сотторго шайланып жаткан адамдарды көрүп туруп сот реформасы болбой жатканын көрүүгө болот. Соттор баягы эле калыбында иштөөдө. Ошол эле чечимдер. Жаңы президент келгенде соттор өзгөрө баштагандай сезилген, бирок азыр баягы эле калыбына түшүп калды”, - деди Токтосунов.
ТОКТАКУНОВ: “Элдин сотторго болгон ишеними 40 пайызга да жетпейт”
Адвокат Нурбек Токтакунов Жогорку Соттун төрайымы айтып жаткан пикир чындыкка дал келбей турганын билдирип, сурамжылоо бир тараптуу жүргүзүлгөнүн айтты.
“Бул жыйынтык туура эмес. Жогорку Сот уялып, жок дегенде 40 пайыз деп айтса болмок. Негизи элдин сотторго болгон ишеними 40 пайызга да жетпейт. Сотторго иши түшпөгөндөр же алар менен жолукпагандар бул суроого так жооп бере алышпайт. Ал эми соттук процесстерге катышкан адамдар бул пикирге ишенбейт. Булар сурамжылоону өздөрү үчүн соттук иштер жүрүп жаткан адамдардын экинчи тарабынан сурашкандай. Соттон чыккан адамдар эки башка пикирде, бир тарабы ыраазы, бир тарабы чечимге канааттанбай чыгышат. Негизи сурамжылоону жүргүзүп жатканда анын жол-жобосун ийне-жибине чейин түшүндүрүп бериш керек. Алар болгону 1044 кишиден сураптыр.
Негизи адамдарды сурап жатканда катышуучуларды тандап, суроолордун мазмунун эске алуу керек. Негизи сотторго байланыштуу сурамжылоону шашпай толтуруу үчүн жарым саат кетет. Булардын сурамжылоосуна жооп берген адамдардын ким экендиги да шек жаратат. Балким, алар өздөрү эле толтуруп коюшу мүмкүн. Аны ким билет? Ошондуктан ал анкеталарды ким толтуруп, бул ишти ким жүргүзүп жатканы да ачык болсо болмок. Керек болсо элдин алдына чыгып сурамжылоонун шарттарын, баарын түшүндүрүп айтып берүү керек. Булар ар кандай долбоорлор менен иштеген Жогорку Соттун эле кызматкерлери да. Сурамжылоону өздөрү жүргүзүп, элге жакшы көрүнөлү деп элге жар салгандары туура эмес. Мындай сурамжылоолор көз карандысыз уюмдар аркылуу жүргүзүлсө чындыкка жакын болмок. Көчөгө чыгып, соттук иштерге катышып жүргөн элден пикир алсаң алар башка жоопту айтышат”, - деди Токтакунов.