Элчилик Сеулда министрдин орун басары мас абалда болуп учактан түшүрүлгөнүн тастыктады

Бүгүн, 22-сентябрда социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылды. Анын айынан башка жүргүнчүлөрдө да учактан чыгарылып, учак эки саат кечигип учууга аргасыз болгонун каттам жүргүзгөн "Эйр Астана" компаниясынан SUPER.KG'ге кабарлашкан.

Ал эми министрдин орун басары учурда аэропортто экенин Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчилигинен тастыкташты.

Маалым болгондой, элчиликтин кызматкерлери маалымат келип түшөрү менен аэропортко барышып, ага мейманканада түнөп, эртең учуп кетүүнү сунушташкан. Бирок ал бүгүн учуп кетиши керектигин айтып, түнөп калуудан баш тарткан. Учурда "Эйр Астана" компаниясы аны "кара тизмеге" киргизип койгондуктан элчилик кызматкерлери ага башка компаниядан билет алуу аракетин көрүп жатат.

Ал эми Социалдык өнүктүрүү министрлиги Зууракан Каденова Түштүк Кореяга окууга барганын маалымдап, бирок анын азыркы жагдайы боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
erlan2196
2018-09-22 19:26:09
Жээнбековдун жээни окщойт. Мейли ичсе ичсин, бирок чеги менен. Баарыбыз тойлордо ичип эле журобуз.
+4
patiydin
2018-09-22 21:46:04
erlan2196,Зууракан каденова советтен эмес, Жеенбековдагы тиешеси жок, ал Алайкуудан болот.
+4
Frunze2
2018-09-23 06:31:52
patiydin, Алайкуун акыры Кара-Кулжадан орун алгабы же Кадамжай, Озгон, Аксыдан орун алганбы?!!

Эмне чычалайсын, Кара-Кулжанын алкаш катындарына чейин Акуйго толуп алыптыр го?!!
+4
patiydin
2018-09-23 06:59:06
Frunze2,сага эмне болгон бардыгын эле президенттерге шылтап. Ал Соке президент болгон чейин барганго
-1
Baku88
2018-09-23 08:02:49
Frunze2, сенде да эже карындаш апа аял бар оозуна ээ болуп сүйлө
+1
bond02
2018-09-22 19:43:24
Самолет асманга которулгондон кийин тушурбоптур.
+8
s81
2018-09-22 20:39:26
Зуура болбой xxx
+8
Azat.97
2018-09-22 21:16:24
Президенттин жээни болсо ошо да.Бул ичпегенде мен ичмек белем анан.
+3
Shabi
2018-09-22 23:07:46
Azat.97,президентке эч кандай туугандыгы жок экен жана ээлеген кызматынан бошоптур.
-2
Frunze2
2018-09-23 06:37:53
Shabi, кызматынан бошотуп койсо болдубу?!! 3-5 ай откон сон кайра бир майлуу-суттуу кызматка коет муну Соке...

Кытайдын зам.министри ушундай кылса атууга кетсе керек эле, хотя бы 5-10 жыл турмого...

Ой бийлик, жумуштан бошотуп тим болбой, хотя бы 2-3 жылга камагыла!!! Озуно да, башкаларга да сабак болсун...

Эй Соке, сенде уят, намыс барбы?!! Карачы бийликти, кимдер отурат?!! Ууру-кески, каракчы, алдамчы, алкаштар толуп алган Акуй менен Кокуйуно... Уят, уят!
+1
Tyty1990
2018-09-22 21:38:20
Кореейстер үчүн алыпийели десе керек да
+6
milan-707
2018-09-22 22:14:10
Конор реклама кылган вискиде ичип коргонго
+8
aerforce
2018-09-22 22:28:34
аял башың менен уялсаң боло
+5
Abdizhapar
2018-09-22 23:00:25
Кара кулжадан болсо не болот экен
-3
anash
2018-09-22 23:10:38
кара кулжалыктар чычалабагылаго бирок силерге жакын жээн болот экен....(((казахтардын сайтарына кирсенер бизди айбай маактап атат((((
+6
urmat-77
2018-09-23 00:14:48
СДПК бетиңер менен xxxx айырмасы калбады го.Эркек ургачыңар жок дегенде өзүңөрдүн ден соолугуна зыян нерсе кылбасаңар.Элди го тоготпойсуңар.Эшектер да ден соолугуна зыян нерсени ичпейт жебейт.Адамсыңарбы өзү.
+6
Pandora
2018-09-23 00:31:47
УЯТ озуну эле эмес бутундой кыргыз элин уят кылты.
+3
fanatka19
2018-09-23 01:51:25
башка компаниядан билет карабай эле калтыргыла ошол жакта, бияктан деги бошоптур иш таап иштеп мигранттардын жашоосун коруп ичкен кандай болот экенин корсун да.
+6
kamchatka
2018-09-23 10:14:02
эми Ташкент менен учсун 390 доллар болот сожу(арак) ичпе десем арзан экен бир ичип коройун деп жатып ушуну кылдында Зураа!
+1
shahlet
2018-09-23 11:29:04
Зуура УРАА!УРАА!УРАА!
+1
nazira1989
2018-09-23 22:19:00
Комментарийлер алып качат го тообаааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан