Министр Гүлмира Кудайбердиева №51-мектептин директоруна нааразы болгон жоолукчан практиканттарды кабыл алып, алардын маселесин чечип берди

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева борбордогу №51-мектептин директоруна нааразы болгон студенттерди кабыл алып, алардын маселесин чечип берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкектеги жогорку окуу жайларынын биринде 5-курста окуган студент Айзада Кыдырмышева билдирди.

Маалым болгондой, ал бүгүн борбордогу мектептердин бирине практика өтөө үчүн барган. Бирок мектептин директору аны жоолук салынгандыгы үчүн практика өтөөгө кабыл албай турганын айткан. Мындан улам, социалдык тармактагы баракчасына "Бүгүн расмий түрдө мектепте 1 айлык практикабыз башталмак. Бирок мектепке жоолугу бар кыздарды кабыл алышпай турганын айтышты. Биздин өлкө демократиялуу беле же адаштымбы? Кандай чара көрсөм болот?" - деген билдирүү жазган.

Интернетте студенттин билдирүүсү талкууга алынып, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага да жеткен. Андыктан министр студенттерди кабыл алып, көйгөйдү чечип берди.

"Практика өтөй турган студенттердин арасында жалгыз мен гана жоолук салынып жүрбөйм. Мага окшоп хиджаб кийген кыздардан дагы төртөө бар. Бүгүнкү окуяны интернетке жарыялаган соң билим берүү жана илим министри бизди кабыл алып, практика өтөө үчүн жоолук эч качан тоскоол болбой турганын айтты. Аны менен катар бизди кабыл албайбыз деген мектептин директоруна байланышып, маселени чечип берди. Эртеңден баштап практика өтөй баштайбыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Chagylgan2
2018-09-25 17:02:33
Демократия болсо тигине жарым жыналачтана башташат. Андайда масала айтып баштайсынар Батышты куноолоп. Анан эле демократияны оозанасынар. Бул кандай эки жуздуулук?!!

Мектеп болобу, университетке болобу хиджапчан барууга коншу олколордун баары тыю салган. Бизде да тыю салынышы керек. Ал эми тиги министр айымча аман эле болсун да. Бир мектепке директор болууга татыксыздар министр, зам.министр болуп журушот. АША менен Сокенин кадрлары.....
-14
KyrgyzstanBishkek
2018-09-25 18:41:34
Chagylgan2,
Баардык олкодо тыю салган дейсин. Адашасын.
+12
Gulnyr19
2018-09-25 21:48:20
KyrgyzstanBishkek,туура
+2
Kymyzkyz
2018-09-25 23:27:04
Chagylgan2, Кайсы өлкөдө тыюу салыныптыр?
+5
Kychtyy
2018-09-26 10:46:35
Chagylgan2, сен ардайым ушундай коментарий жазасын ислам десе эле. Сен эмнеге америка малазия сингапур франция норвегия швецария англия мамлекеттерин милал келтирген жоксун. Бироолорду туурасак кел онуккондорду туурайлыда. Сен атаган мамлекеттерден кыйла онуккондорду. Биз адам укугун сыйлаган мамлекетбизби анда кел ар бирибиздин дин тутумубузду сыйлайлы
0
JaneEr
2018-09-26 23:35:47
Chagylgan2,жоолук сага мишайт
эткендей жазыпсында.Жыланач ырдаган Зереге
Сабак берууго мумкун а жоолук салынгандарга
не мумкун эмес дегин барбы ошондо?
0
Chagylgan2
2018-09-26 05:44:49
Коншу Казахстан, Озбекистан, Тажикстан, Туркменистанда окуучуларга мектепке хиджап менен барууга тыю салынган. Ишенбесенер барып сурап келгиле, эч болбосо интернеттен маалымат издегиле, догурунуудан мурун. Ал тургай Ташкентте ИСЛАМ университетине студент кыздарга хиджап менен келууго тыю салышкан. Кабарынар жок беле ыя?!!
-6
KAYRATBEK
2018-09-26 08:48:19
Chagylgan2, Кошуналарды качанга чейин ээрчийбиз. Кошуналар олсо олуп, штанын чечип башына кийип алса биз да башыбызга кийип алалыбы. ХХХХХХХ
+1
Aikaaaa
2018-09-26 15:43:45
KAYRATBEK,арабдарды да туурабайлык
0
Merch
2018-09-26 09:12:11
Chagylgan2, Кошуналардан үлгү алсаң жакшы жагынан үлгү ал, жоолукка келип такалбай...
+2
Baicho_0707
2018-09-26 08:47:46
Коншуларды кара дейсин,алар олсо сен да олосунбу!? Башына эртен жоолук салып койчудай ага эмне эле тытынып атасын.Коншуларда жашоо кандай билесинби ага караганда Кыргызстанда жашоо шугур,Кудайдан корк!
+2
Totyua.71.
2018-09-26 20:15:30
Анда ар бири демократия деп каалагандай кийинип башташат....
0
take19
2018-09-26 22:57:20
Азыркы бийликтин өкүлдөрү эптеп жолго коюлуп келаткан бирдиктүү форманы жокко чыгармай болушту.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан