Интернетте отургучтарды ыргытып, секире бийлеген "Эл эмне дейт?" долбоорунун актёрлорунун видеосу кызуу талкууга алынууда

Интернетте "Эл эмне дейт?" жана "Жарайт сити" долбоорунун актёрлору катышкан видео тарап, кызуу талкууга алынууда. Видео жакында эле үйлөнгөн Радик Эшимовдун үлпөт тоюнда тартылган. Анда долбоордун жигиттери тойдогу оюндардын бирине чыгып, кээ бири отургучтун үстүнө чыгып алып бийлесе, айрымдары отургучтарды ыргытып, секирип бийлешкен. Бул видео интернет желесине жайылып, социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан катуу сынга кабылды. Мындан улам SUPER.KG порталы окуянын чоо-жайын сураштырып көрдү.

Бул боюнча видеодогу актёрлордун бири, "тамашоучу" Актан Рыскелдиев түшүндүрдү.

"Бул мындан бир нече жыл мурун интернетте аябай популярдуу болгон флешмоб. Радик үйлөнгөндө дал ушул оюн ойнотулуп калды. Узактыгы 25 мүнөт. Алгач ар ким чыгып сүйлөп, элди күлдүрүп, анан соңунда ушинтип эч нерсени карабастан бийлешет. Биз да тойдо ошону аткарып, анан ютубдагы каналга жүктөйлү деп ойлоп жатканбыз. Ал эми отургучту ыргытып жиберген жери сценарийде жок болчу. Кокустук болуп кетти окшойт", - деди ал.

Ал эми үлпөт тоюн өткөргөн Радик Эшимов бул тууралуу тойкананын кызматкерлери кабардар болгонун билдирди.

"Бул атайын шоу. Эгер эл оюнду баштан-аяк көрсө, абдан күлмөк. Анын үстүнө тойдо жалаң гана жаштар болчу. Биз мындан эч кандай чыгымга учураган жокпуз. Тойкананын кызматкерлерине эрте эле айтылган. Алар той бүткөн соң "ушундай шаңдуу тойду биринчи жолу көрдүк" деп суктанышты", - дейт Эшимов.

Айта кетсек, "Эл эмне дейт?" долбоору аркылуу таанылган актёр Радик Эшимов 21-сентябрь күнү Токмок шаарында сүйүктүүсү Айканыш менен баш кошкон.

Талкууга алынган видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
maks94.kb
2018-09-25 20:51:46
Шоу эмес эле ХХХХХХ ХХХХХХ кетткенго сыягы
+10
Tolkun555
2018-09-25 20:58:20
Азыр ушулардын заманы.жыртылган кийим киймей.келесоодой болуп бийлемей.реп деп болбогон эле созундо мааниси жок ырларды ырдамай.кээ бирде жийиркенип кетесин.же бул келесоолукка биздин акылыбыз жетпейби.же адаидын акылы барган сайын артка кайтып жатабы.
+4
Respect.
2018-09-25 21:07:12
Жиндиканадыгалар бул жакта эле калат го..
+7
joolugushchuukundorbar
2018-09-25 21:56:41
Ушунун эмнеси шандуу, айткылачы?
Бул эркектин иши эмес, жиндиче бийлешип!
+3
Kymyzkyz
2018-09-25 22:13:30
Тообо адамдар кайда баратабыз, жиндилер деле таң калса керек булардын бийин көргөндө
+7
Argen9899
2018-09-25 23:00:12
Эми чындап эл эмне дейт эми
+5
asdef
2018-09-26 04:29:16
Жин ургандар
0
altyn7776
2018-09-26 05:16:22
Мыйзам иштебесе ушундай болот да, каалаганы билген богун жей беришет...
0
admin_superstan
2018-09-26 11:56:43
Кимдир-бирөөнү кемсинткен билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Билдирүүлөр түзөтүлдү! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан