Токмок шаарында актёр жана шоумен Радик Эшимовдун үлпөт тою өтүүдө

Бүгүн, 21-сентябрда "Эл эмне дейт?" долбоору аркылуу таанымал актёр жана шоумен Радик Эшимов сүйүктүүсү Айканыш менен бирге үлпөт тоюн өткөрүүдө. Бул тууралуу актёр өзү SUPER.KG порталына билдирди.

Маалым болгондой, үйлөнүү той Токмоктогу тойканалардын биринде орун алып, эки жаштын жакындары жана жоро-жолдошторунун коштоосунда өтмөкчү.

"Учурда досторубуз менен бирге сейилдөөдө жүрөбүз. Кечинде тойканалардын биринде жакын туугандарыбыздан бата алабыз", - дейт ал кубанычы коюнуна батпай.

Эске салсак, Радик Эшимов ушул жылдын 9-майында сүйүктүүсүнө шакек тартуулап, үйлөнүү тууралуу сунушун киргизген. Ал эми 5-сентябрда мыйзамдуу түрдө үйлөнүп, нике күбөлүгүн колуна алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nargiza1987k
2018-09-21 19:01:40
Бактылуу болгула
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан