ЖЫЛНААМА, 28-СЕНТЯБРЬ: "Пуссикэт Доллс" тобунда ырдап атактуулукка жеткен америкалык ырчы, бийчи Мелоди Торнтон 34 жашка чыкты

Бүгүн америкалык R&B ырчы, бийчи, "Пуссикэт Доллс" тобунун вокалисти Мелоди Торнтон 34 жашка чыкты. Ал 1984-жылы АКШнын Аризона штатындагы Финикс шаарында төрөлгөн.

Мелоди "Пуссикэт Доллс" тобуна кастинг жарыяланып жатканын МТВ каналынан угуп кайрылган. Жагымдуу үнү менен калыстарды багынтып, дароо топко кабыл алынган. Атактуулукка да ушул "Пуссикэт Доллс" тобунда ырдап чыгуу менен жете алган. Топтун эң жаш солисти болгонуна карабай, вокалдык ролу боюнча Николь Шерзингерден кийинки орунда турган. Топтогу кыздардан эч качан бий ийримине катышпагандыгы менен айырмаланган.

2010-жылы жеке ырчы болууну көздөп аталган топтон кеткен да, анын алгачкы P.O.Y.B.L. (Piss On Your Black List) аттуу ырлар жыйнагы 2012-жылы 15-мартта жарык көргөн. Ушундан тарта ал өз алдынча ырларды жаратып, таанымал ырчылар менен дуэт аткарууга жетишкен.

2012-жылы 24-майда "Bulletproof" аттуу ырына клип тарттырган. ошол эле жылы июнь айында мурунку кесиптеши, "Пуссикэт Доллс" тобунун солисткасы Эшли Робертс менен чогуу америкалык ырчы Бобби Ньюберринин "Dirrty Up" атлышындагы ырынын клибине тартылган. Ошондой эле Торнтон америкалык ырчы Жейсон Дерулонун "Don't Wanna Go Home" аттуу ырынын клибинин ажарын ачкан.

2013-жылы ырчы Чарли Уилсон жана "Earth, Wind & Fire" тобу менен биргеликте "Аuthentic" аталышындагы альбомунун "Something About You" аттуу ырын жазган.

Ушул эле жылы ырчы Fat Joe`нин "Ballin"аттуу ырынын клибине тартылган. Ырчы R&B жана хип-хоп жанрларына көбүрөөк чыгармаларын жаратып келет. Лакап аттары - Mel, Baby Doll, Melody.

Ырчылыктан тышкары модель катары жана алып баруучулук менен алектенет.

28-сентябрга карата жылнаама.

The Pussycat Dolls - "Hush Hush"

The Pussycat Dolls ft Missy Elliot - "Whatcha Think About That"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан