ЖЫЛНААМА, 1-ОКТЯБРЬ: "Айрис" тасмасында экинчи пландагы образды мыкты жаратуу менен атактуулукка жеткен түштүк кореялык актёр Чон Жун Хо 48 жашка чыкты

Бүгүн түштүк кореялык белгилүү актёр Чон Жун Хо 48 жашка чыкты. Ал 1970-жылы Түштүк Кореянын Сеул шаарында туулган. Эжеси жана эки иниси бар.

Белгилүү "Айрис" сериалында буйрукка баш ийип, кан досун өлтүрүүдөн баш тартпаган Чжин Са У деген агенттин ролун ойногон Чон Жун Хо чыныгы жашоодо да айтканынан кайтпаган адам.

Ал 17 жашында "1818" деген тасмада дебюттук ролун ойногон. Чон Жун Хо "Айрис", "Королева неудач", "Кофейня", "Последний скандал", "Если любить... как они", "Принцесса Лулу" дорамаларында жана "Замужем за мафией 5: Возвращение семьи", "Ледяной дождь", "Печальная история любви", "Прискорбный город", "Аферист в нашем доме", "Праведные связи", "Мой босс, мой герой 2" жана башка тасмаларда да роль жараткан.

Актёрдук карьерасын Чон Жун Хо күтүүсүз жерден 1995-жылы баштаган. Ал интервьюларынын биринде эл алдына чыгууну жактырбаганын, жадакалса кичинекей кезинде мугалими окуучулардын көзүнчө ырдатканы үчүн ыйлаганын айткан. Бирок аскерде жүргөндө анын чыгармачылыкка болгон кызыгуусу артып, өз талантын байкап, аны эл алдына чыгарууну чечкен. 1995-жылы MBC каналынын окуу бөлүмүнө тапшырып, бирок 5 жылга чукул мыкты роль ала алган эмес.

2000-жылы "Women Like You" аталышындагы тасмага тартылып мыкты режиссёрлордун көзүнө илинет. Ошол эле жылы "Мой босс, мой герой" тасмасына тартылып, аталган фильм бир гана жогорку баага татыбастан, актёрду жылдыз катары тааныткан. Ушундан тарта 2006-жылга чейин Чон Жун Хого комедия жанрындагы бир нече тасмага тартылууга сунуштар түшүп алардын дээрлик баары калк арасында жакшы кабыл алынган.

Актёрдун комедиялык образы күйөрмандарына жакса да, ал өзү башка жанрларда да роль алууга аракет кылат. 2005-жылы "Калк душманы 2" тасмасында терс каармандын образын жаратып чыгармачылыгында төңкөрүш жасаган. Күйөрмандары жана массалык маалымат каражаттары актёрдон мындай бурулушту күтпөгөнүн айтышкан.

Чыгармачылыгында 18 дорамада жана 22 тасмада роль жаратып, көпчүлүк учурда экинчи пландагы ролдорду мыкты аткаруусу менен таанылган.

1996-жылдан тарта жаңы актёр катары таанылып 2002, 2005, 2007, 2009 ("Айрис", "Акыркы жаңжал") жана 2010-жылы белгилүү киносыйлыктарды багынткан.

Чон Жун Хо 2008-жылы "Акыркы жаңжал" ("Последний скандал"), ал эми 2009-жылы "Айрис" тасмасына тартылгандан соң атагы мурункудан да алыска тараган.

Актёр Корей толкунунун жылдыздары Чан Дон Гон, Ан Жэ-ук, Ким Юнг-эун жана Чон Ун-ин менен жакын достук мамилесин көп жылдардан бери үзбөй келет.

Жеке жашоосу

2010-жылы Жун Хо кинодогу ролу жөнүндө интервью алган кабарчыны жактырып калат. Ал ошол учурда "Королева неудач" тасмасына тартылып жаткан.

Кийин анын MBC каналынын директору Ли Ха Юнг экенин билет. Экөөнүн мамилеси жакшырып, бир жылдан кийин, 2011-жылы 25-мартта үлпөт той өткөрүшкөн. Түгөйлөрдүн берген маектеринин биринде Ли Ха Юнг актёрду өзү сүйдүрүп алгандыгын билдирген.

Бош убактысын кино көрүү, волейбол жана гольф ойноо менен өткөрүүнү жактырат.

1-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан