"ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман бүгүн, 1-октябрда Чүй кең көчөсүнөн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерди унаа сүзүп кеткенин кабарлаган. Кырсык тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кайрылганыбызда, кырсыкка күнөөкөр кармалып, унаасы айып аянтчасына токтотулганын кабарлады.
"Кырсык Чүй кең көчөсү менен Осмонкулов көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган инспектор жөө адамдар өтүүчү тилкеден эки окуучуну өткөрүп жаткан учурда жүк ташуучу унаа катуу ылдамдыкта келип сүзүп кеткен. Бактыга жараша, эки окуучу жолдун аркы өйүзүнө өтүп жетишип калышкан. Ал эми жаракат алган кызматкерди "Тез жардам" кызматы Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирген. Учурда инспектордун абалы канааттандырарлык", - деп билдирди маалымат кызматы.