Бүгүн, 1-октябрда саат 9:30дар чамасында Бишкек шаарындагы Чүй кең көчөсүнөн (Карпинка менен кесилишине жакын) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерди жүк ташыган унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу WhatsApp аркылуу байланышка чыккан окурман "Элдик кабарга" маалымдады.
Анын айтымында, окуя болгон жерде инспектор жаракат алып жатат. "Тез жардам" кызматы чакыртылган.
Кырсыктын болгонун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктай элек.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.