Москвада Бекжан.С. аттуу жаран Кыргыз жарандарын сүзүп кеткенде 11 адам жаракат алып, бир адам каза болгон. Айыпталуучунун апасы бул окуяга тиешеси жок, бирок жабыркап калгандардын аты-жөнүн атап, алардан кечирим сурады.
Кылмышка шектүү катары камакта отурган жарандын апасынын айтымында, буга интернет баракчаларында ар кандай ой-пикирлер айтылып жаткандыгы себеп болгон.
"Ал кырсыктын кесепетинен бул окуяга тиешеси жок, бирок жабыркаган балдардын аттары караланып жатат. Алыс экенсиздер жете алган жокмун. Бул окуяда күнөөлүү жана күнөөсү жок балдар бар. Күнөөлүүлөр өз жазасын алат. Мен өзүмдүн жана уулумдун атынан бул окуядан жабыркаган Болот Абрахманов, Самарбек Абдрасулов, Нургүл Арстанова, Раджибали Зулпиев жана Мерген Руслан уулунан жана алардын ата-энесинен кечирим сурайм. Балам өзүн ушундай акыбалга жеткирип, өзүн башкара албай калган тура. Кырсык экен, мындай нерселерди душманыңа да каалабайсың", - дейт видео аркылуу билдирүү тараткан айыпталуучунун энеси.
Эске салсак, 9-сентябрь күнү Москва шаарында 20 жаштагы Бекжан аттуу Кыргыз жараны унаасы менен жол четинде турган 10дой Кыргыз жаранын сүзүп кеткен. Кырсык тууралуу кылмышка шектүүнүн карындашы, андан кийин өзү дагы окуя тууралуу көрсөтмө берген. Кылмышка шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынган. Атасы Иса Жүжүбаев уулун окуяга чейин 10 бала шылдыңдаганын айтып берген.