Орусиянын Москва шаарындагы Марьино районундагы кырсыктан 1 адам каза болуп, 11 адам ооруканага жеткирилген. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан Гүлбарчын Байымбетова билдирди.
"9-сентябрь күнү эртең мененки саат 6:00 чамасында Новочеркасск бульварында катталган кырсыктан жалпы 11 адам жабыркаган. Алардын 5өөнүн абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми 5өөнүн абалы орто. Дагы бир жеңил жаракат алган жаран медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылган. Окуяга шектүү катары 1997-жылы туулган Б.С. аттуу Орусиянын жараны кармалган. Б.Снын ата-энеси дагы Орус жараны экени маалым болду", - дейт маалымат катчысы. Ошондой эле толук маалымат берилерин кошумчалады.
Эске салсак, Москва шаарындагы Марьино районунда 20 жаштагы жигит Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзүп кеткен. Окуянын күбөлөрү күнөөлүү делинген жигит Кыргыз жараны экенин айтып, кырсык бир кызды талашкан эки жигиттин урушунан келип чыкканын айткан.