"ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман Ошто казинолор дале иштеп жатканын айтып, нааразычылыгын билдирди.
"Ош шаарында кадимки онлайн оюн ойнотулат деп алдап ичинде казинолорду иштетип жатышат. Ток этер жерин айтканда алар Кыргыздын канын соргон жөргөмүштүн желесине окшош. Мен буларга күбө болдум, 54 миң сомумду уттурдум. Мага окшогон карапайым эл жапа чегип олтурат. Канчасы үй-бүлөсүнөн, унаасынан айрылып, аягында селсаяк болуп кетип жатат.
Кимдики экенин сурасаң, айтышпайт экен. Бул казинолорду тез арада жабыш керек. Антпесе күн сайын 400 миң сом, 500 миң тапкандарын көрдүм. Бирөө 67 миң сомун уттуруп жиберди, дагы бирөө 42 миң сомду, бири 4 миң долларын уттуруп жиберди", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.