Бүгүн, 8-октябрь - "Тамашоу" долбоорунун түптөөчүсү, "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Жылдын супер телеалпаруучусу" наамынын 3 жолку ээси жана "Маданияттын мыкты кызматкери" Эрмек Нурбаевдин туулган күнү. SUPER.KG порталы туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда, ыраазычылыгын билдирип, бүгүнкү маанайы менен бөлүштү.
"Маанайым, албетте, абдан жакшы. Азыркы учурда иш үстүндө отурам. Бүгүн мен үчүн кадимкидей эле иш күнү. Ал эми кечинде үй-бүлөм менен бирге өткөрөм деп турам. Бүгүнкү күнгө эч кандай деле план койгон жокмун, балким, досторум менен 1-2 саат бир жерге отуруп, туулган күндү белгилейбиз", - дейт Эрмек Нурбаев.

Эрмек Нурбаев 1985-жылы 8-октябрда Кара-Балта шаарында туулуп-өскөн. Мектепти артыкчылык аттестаты менен бүтүп Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 2008-жылы ийгиликтүү аяктаган. Алгач КВНдерге катышып, эл алдына чыгып жүрүп, телевидениеге 2005-жылы "Браво" долбоору аркылуу келген. Учурда үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
Эрмек Нурбаевдин "Супер-Инфо" гезитине берген маектеринен үзүндүлөр:
- "Кыргызча КВН ачуу өзүнчө жаңычылдык эле. Мен "Тамашоу" долбоорун ачам дегенде ишенбегендер көп болгон. Бирок "Тамашоунун" тил редактору Арслан байке (ред. Ибрагимов) экөөбүз акыл-эсти жыйып, оюбузду чогултуп долбоорду баштадык. Баары оюбуздагыдай кетти. Көрсө, максатты туура коё билип эмгектенсең оюңдагыдай жыйынтыкка ээ болот экенсиң".
- "Эсимде, 6 жашымда апам, байкем болуп жайында базарда гезит сатып иштешчү. "Мен да иштейм" десем, апам "уят, байкеңдин иштеп жатканы жетишет" деп болбой койгон. Атама даттанып, ыйлап жатып базарга гезит сатканы чыккам. Ошондо байкем менен апама караганда мен көбүрөөк гезит сатчумун. Ойлосом, анда эл мени аяганы үчүн гезитимди сатып алышчу экен да";
- "2008-жылы АКШга кетсемби, кетпесемби деген тандоонун алдында турганда биринчи ата-энемди ойлогом. Мен үчүн 4-5 жыл аларды көрбөй АКШда жашоо кыйын болмок. Кудайга шүгүр, бул сыноону башымдан өткөргөн жокмун. Ата-энем менен баарлашууга такыр тойбойм. Алар менен өткөргөн ар бир мүнөтүм баалуу, барктуу. Аларга менин коомдогу ордум, жараткан ийгиликтеримден мурун амандыгым маанилүү. Ата-энемдин бактылуу карылыгы менин көз алдымда өтсө дейм".
"Сүйлөшүп жүргөндө, жаңы үйлөнгөндө Чолпон экөөбүз эле болчубуз. Бири-бирибизге гана көңүл бурчубуз. Азыр болсо 4 балабыз бар. Алардын ар бирине жетиштүү мээрим тартуулашыбыз керек. Ошондуктан баштагыдай көңүл буруу мүмкүн болбой калды. Бирок бул убакыттын өтүшү менен экөөбүздүн ортобуздагы сезимдер азайып калды дегенди билдирбейт. Тескерисинче, менимче, сүйүүбүз мурдагыдан дагы күчөдү, экөөбүздү байланыштырган толтура нерселер пайда болду. Мен үчүн эң негизгиси – үй-бүлөм, балдарым, ата-энем. Алгач ошолордо баары болсун деген ой менен жашайм. Балдарымды дагы азыртадан үй-бүлөнү баалап жашоого үйрөтөм. Эгер ар бир уул-кызга жаштайынан ошол нерсе түшүндүрүлсө, жанагыдай ажырашуу дагы аз болсо керек эле деп ойлойм".
8-октябрдын жылнаамасы.