Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеванын айыптоолоруна жооп берди.
Мекеменин маалыматы боюнча, 2017-жылдын 6-9-ноябрь күндөрү министрликтин башчысы жана 3 кызматкери Вашингтонго (АКШ) иш сапары менен барган.
"Анда алар "Инновациялар аркылуу туруктуу ишенимдин жетишкендиктери" аталышындагы глобалдык симпозиумга катышкан. Бул иш-чаранын максаты жаңы программалык камсыздоо менен тааныштыруу болгон. Бул программалык камсыздоо балдардын маалыматтар базасын колдонууда адамдык факторду жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет жана бардык процесстердин ачык-айкындуулугун жогорулатат. Бул программаны түзгөн "Тайлер Техноложи" компаниясы Кыргыз Республикасы үчүн өзүнүн эмгегин акысыз берүүгө даяр. Кыргыз өлкөсүндө бул программаны колдонуу үчүн айрым мыйзамдарга өзгөртүү керек", - деп айтылат жоопто.
Мындан тышкары министрлик эл аралык бала багып алуу маселелери боюнча төмөнкүнү билдирди.
"АКШ тараптын суранычы боюнча, Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү менен жолугушууда эл аралык бала багып алуу менен алектенген америкалык агенттиктерди кайра аккредитациядан өткөрүү тууралуу кеп болгон. Бул процесс узакка созулуп кеткен болчу. Бул жолугушууда аккредитациялоо маселеси укук коргоо жана коопсуздук кызматы менен макулдашуу зарыл экени айтылган.
Аида Касымалиеванын "бул сапар балдарды сатуу - бала багып алуу боюнча абдан чуулуу темага байланыштуу" деген сөзү жалпы системди каралоо жана кызматкерлердин ар намысына шек келтирүү ниетин көрсөтүүдө. Ошондой эле депутат "сапар боюнча отчёт жок" дейт, бирок ал дал ошол отчётту көрсөтүүдө", - деп айтылат мекеменин жообунда.
Эске салсак, буга чейин 5-октябрда депутат Аида Касымалиева "Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тууралуу мен айткан маалыматтар тастыкталып жатат" деп социалдык баракчасына жазып чыккан.