Президент Алмазбек Атамбаев “Билим берүү жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзамды Жогорку Кеңеш 6-июнда кабыл алган. Анда билим берүү программаларын, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын көз карандысыз аккредитациялоо институтун киргизүү, мамлекеттик эмес коммерциялык эмес аккредитациялоо уюмдарын түзүү, жогорку окуу жайларынын бир бөлүгүн өз алдынча каржылоо шарттарында иштеген мамлекеттик коммерциялык эмес жогорку окуу жайлары статусуна которуу каралат. Мыйзам баштапкы, орто билим берүү жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн 2014-жылдын 1-сентябрынан тартып, ал эми башка билим берүү уюмдары үчүн 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.