ЖЫЛНААМА, 9-ОКТЯБРЬ: Белгилүү актёр, каскадёр Адилет Акматов 37 жашка толду

Бүгүн, 9-октябрда актёр, каскадёр жана режиссёр Адилет Акматов 37 жашка толду. Ал SUPER.KG порталына 7 жылдан бери туулган күнүн белгилей электигин айтты.

Бала чагы.

"Маанайым жакшы. Бүгүнкү күн мен үчүн кадимкидей эле иш күнү. Туулган күнүмдү 7 жылдан бери өткөрө элекмин. Туулган күнгө маани деле бербейм, кадимки күндөрдөй эле өтүп жатат" деп айтты каскадёр.

Адилет Акматов 1981-жылы 9-октябрда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда туулган. Ал алгач акробатика, паркур, кыргыз күрөшү, андан кийин ушу, тайцзи, айкидо менен машыккан. Каскадёр катары "Казакфильмде" “Кунанбай”, "Миң бала" ("Мың бала" Казакстан), "Боксчунун жолу", "Амир" тасмаларында ар кандай оор трюктарды аткарса, актёр катары "Гаишники" сериалында жана “Башаламан”, “Ант” фильмдеринде роль жараткан. Ал эми режиссёр катары "Мурас сыры", “Сүйө бил” тасмаларын тарткан. Ошондой эле ал 2016-жылы "Comedy Club" долбоорунун мурунку президенти, "Наша Russia" юмордук телекөрсөтүүсүнүн жылдызы Сергей Светлаков менен уюлдук компаниялардын биринин жарнамалык ролигине тартылган.

Каскадёрдун "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:
  • "Ата-энем башында "эркек баланы сөзсүз спорт менен машыктырыш керек" дечү. Жаракат алган сайын "жаныӊды кыйнап эмне кыласыӊ?" деп каршы боло башташты. Бирок артка кайтпасымды түшүнгөн атам "өзүӊ тандадыӊ, эми өзүӊ аягына чык" деген. Кээде оор жаракат алганда жөн эле жүрсөм болмок экен деп өкүнүп калам. Бирок айыккандан кийин баары унутулуп калат. Түрдүү трюктарды жасоо жашоомдун ажырагыс бөлүгү болуп калган, ансыз жашоом кызыксыз. Кесибимдин артынан кандай оор жаракат албайын баарына чыдайм, бирок тишим ооруганда чыдабай ыйлагам".
  • "Адам кесипти тандабайт, тескерисинче, кесип адамды тандайт деп ойлойм. Өзүм кесибим боюнча сүрөтчүмүн, Ош мамлекеттик университетинде сырттан окуп жүрүп 10 жыл дегенде бүттүм. Анткени 1-курста режиссёр Токтош Абыкеевдин "Шумкар" деген тасмасына тартылгандан кийин кино тармагына ооп кетип окууну таштап койгом. Ата-энем урушуп жатып кайрадан киргизди эле, түрдүү кыска метраждуу тасмаларды тартам деп кайра куулдум. Ошентип жүрүп окуумду аяктаганыма эки жыл болду.
    Ошондой эле имараттардын долбоорун чием. Мен чийген долбоорлор менен Ошто беш-алты үй курулду. Андан сырткары жыгач устамын. 3 жыл эмерек жасаган цехте иштегем. Эмеректерден башка эшик, сандык, бешиктерди кооздоп жасайм. Бирок жан дүйнөмө кино тармагы жакын болуп, өзүнө тартып кетти".

9-октябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
barsbegKG
2018-10-09 16:55:19
Мың бала эмес миң бала
-2
Kgda
2018-10-09 17:58:25
Джеки Чанын жолдо калатко, мнеге мурда каракулжадан экенин айткан эмессинер, окшошуп турат каракулжинскилерге.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан