Президент Алмазбек Атамбаев КРнын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын жаңыдан шайланган курамы менен жолукту

Бүгүн, 6-июлда президент Алмазбек Атамбаев КРнын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын жаңыдан шайланган курамы менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Өз сөзүндө мамлекет башчы КРнын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын ишке киришүүсү менен куттуктады. “Касымалиев Мукамбет Шадыкановичти Конституциялык палатанын төрагалыгына, Мамыров Эркинбек Тобокеловичти Конституциялык палатанын төрагасынын орун басарлыгына жана Айдарбекова Чынар Аскарбековнаны Конституциялык палатанын катчылыгына шайлангандыктары менен куттуктайм!

Конституциялык палатанын жаңыдан шайланган курамы Кыргызстандын Конституциясына таза жана ак ниети менен кызмат кылып, жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин, мамлекеттин жана коомубуздун кызыкчылыктарын натыйжалуу коргойт деп ишенем.

Урматтуу Конституциялык палатанын судьялары!

“Өткөндү унутсаң, алдыга баскан жолдон адашасың” деген сөз бар. 1993-жылы Кыргызстандын Конституциясын коргоо үчүн түзүлгөн Конституциялык Сот өз милдетин аткара алган жок. Тескерисинче, Конституцияны тебелетип, үй-бүлөлүк башкарууну орнотууга жардам берген. Бүгүнкү күндө соттордун эң башкы милдети - элдин, коомчулуктун ишенимин кайтаруу. Конституцияны жана укукту сыйлап-урматтаганга үйрөтүү – эң татаал милдет. Бүгүнкү күндө жарандарыбыз мыйзамды урматтайт деп айтуу кыйын.

Конституция жарандарга өз укуктарын коргоого, алар бузулган учурларда толугу менен аны калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок жарандар өз укуктары үчүн мыйзам чегинде күрөшүүнү үйрөнө элек. Жарандарыбыз өздөрүнүн конституциялык укуктарын коргоо үчүн Конституциялык палатага кайрылып, суроолоруна жооп тапканга үйрөнүшсө, бара-бара мамлекеттик түзүмдөр да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да адамдардын укуктарын бузуудан алыс болот эле.

Урматтуу Конституциялык палатанын судьялары!

Өлкөбүздө жүрүп жаткан саясий процесстерде Конституциялык палатанын ролу зор болору шексиз. Ошол эле учурда сиздер Конституциялык Соттун саясий оюндарга аралашып кетүүсүнө жол бербешиңер керек!

Сиздер Конституцияны коргоп, мыйзамды ыйык тутасыздар деп ишенгим келет. Чечимдериңиздер менен өлкөдөгү тынчтыкты, бейпилдикти, туруктуулукту бекемдейсиңер деп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салымыңыздарды кошосуздар деп ишенем.

Унутпагыла, сиздердин негизги милдетиңиздер – Кыргызстандын Конституциясынын үстөмдүүлүгүн жана анын түздөн-түз колдонулушун, бийликтин тең салмактуулугун жана так чектелишин, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо!

Ишиңиздердин башталышы менен дагы бир ирет куттуктайм! Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, ишиңиздерде ийгилик каалайм!” - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан